Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Нидерланд тыңчылык боюнча шектүү орусиялык эки дипломатты өлкөдөн чыгарат


Нидерланддын Жалпы чалгындоо жана коопсуздук кызматы.
Нидерланддын Жалпы чалгындоо жана коопсуздук кызматы.

Нидерланддын Жалпы чалгындоо жана коопсуздук кызматы бийлик тыңчылык үчүн шек саналган орусиялык эки дипломатты өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим кабыл алганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Орусиянын ички чалгын кызматынын кызматкеринин жашыруун операциясы ашкереленди. Ал Гаагадагы элчиликте дипломатиялык каттоо менен иштеп келгени, илим жана технология тармагында тыңчылык кылууга тартылганы айтылды.

«Орусиянын Чалгын кызматынын офицери жогорку технологиялар тармагындагы жашыруун маалыматтарды билген адамдар менен байланышкан. Айрымдарына кабар жеткиргени үчүн акча төлөгөн» деп айтылат маалыматта.

Ага орусиялык чалгындын дагы бир кызматкери жардам бергени, анын дагы дипломатиялык каттоосу бар экени жана Орусиянын элчилигинде иштеп келгени кошумчаланган.

Нидерланддын Тышкы иштер министрлиги орусиялык эки офицерди тең «нон грат персонасы» деп жарыялады.

Алар дипломатиялык миссияда мындан ары иштей албайт жана жакын арада Нидерланддан чыгып кетиши керек. Тыңчылыкка шектүү дипломаттардын аты-жөнү аталган жок.

Орусиянын Гаагадагы элчилиги эки кызматкерине «нон грата» жарыяланганы тууралуу нота алганын ырастады. Буга жооп бериле турганын кабарлады.

2018-жылы Нидерланд Гаагадагы Химиялык курал-жаракка тыюу салуу уюмунун компьютерлерин хакердик чабуул аркылуу бузууга аракеттенген деген шектенүүнүн негизинде орусиялык төрт дипломатты өлкөдөн чыгарган.

XS
SM
MD
LG