Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Журналистиканын нугу өзгөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте өткөн «Санарип трансформация шартында маалымат каражаттарындагы эркиндик жана плюрализм» аттуу эл аралык конференцияда Борбор Азия аймагына тиешелүү олуттуу маселелер козголду.

Интернет заманында Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын, жарандык журналистиканын коомдук пикир түзүү ролу, жоопкерчилиги кандай болууда? Ушул жана башка суроолорго «‎Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издейбиз.

Талкууга Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин ага окутуучусу Чынара Капарова, медиа эксперт Болот Темиров жана журналист Шохрух Саипов катышты.

«‎Азаттык»: Чынара айым, Борбор Азия журналисттери жана медиа эксперттери катышкан бул конференцияда биздин аймак үчүн, анын ичинде Кыргызстанга тиешелүү, мүнөздүү деп эсептелген кандай маселелер козголду? Кайсы бир көйгөйлөрдү бөлүп көрсөтсөк болобу?

Чынара Капарова.
Чынара Капарова.

Чынара Капарова: Конференциянын Кыргызстанда өтүп жатышы маанилүү окуя.

Маалымат каражаттарындагы эркиндик‎ жөнүндө сөз болгондо, Кыргызстан чөлкөмдө алдыңкы орунда. Албетте, бул сыймык. Бирок, биз көкүрөк какканыбыз менен анын дагы оң-терс жактары болууда. Бизде азыр «‎кесипкөй журналистика» жана «‎жарандык журналистика» деген түшүнүк калыптанып калды.

Кесипкөй журналистиканын айдыңын жарандык журналистика ээлеп жатат. Салттуу журналистиканын өкүлдөрүн мыйзамга таяп, жоопкерчиликке чакырса болот, ал эми жарандык журналистиканы кантип тескейбиз? Интернеттин мүмкүнчүлүгүн азыр баары пайдаланып жатат. Салттуу журналистикага караганда социалдык тармактардагы маалыматтардын коомдук пикир түзүүдө таасири күч.

Мисалы, кошуна мамлекеттерде Интернетте маалыматтарды чектөө боюнча аракеттер болору айтылды. Ал чектөөлөр көп учурларда мыйзамсыз экени айтылды. Азыр замандын учкулдугу ушул – жаңы технологиялар кирип жатат, алар журналистикада кеңири колдонулууда. Менимче, ага жараша биздеги мыйзамдарга да өзгөртүү киргизилиши керек.

«‎Азаттык»: Шохрух мырза, сиз конференцияда Кыргызстандагы аймактык маалымат каражаттарынын орду, таасири, улуттук азчылыктардын тилине байланыштуу маселелердин барын айттыңыз, алардын айрымдарын угармандар менен бөлүшө аласызбы? Маселенин өзөгү эмнеде?

Шохрух Саипов.
Шохрух Саипов.

Шохрух Саипов: 2010-жылдагы июнь окуяларына чейин Кыргызстандын түштүгүндө өзбек тилдүү бир канча гезиттер, телерадиолор болгон.

Алардын аудиториялары Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жашоочулары болчу. Алардын көбү ар кандай себептер менен жабылган же аталышын өзгөрткөн. Кээ бир маалымат каражаттары кыргыз тилдүү же орус тилдүү болуп өзгөрүп кеткен.

Өзбек тилинде маалымат берген «‎Ош садоси‎» деген гезит же «Ынтымак» деген телерадиолор сыяктуу саналуу маалымат каражаттары калды. Өзбек тектүү журналисттер өзүнүн коопсуздугу үчүн курч маселелерди көтөрүшпөйт, «ички цензура», өзүн-өзү чектөө күчтүү. Ошондуктан келечекте өзбек тилдүү медиа калыптанабы деген суроо актуалдуу бойдон калууда.

«‎Азаттык»: Өзбек тилдүү маалымат каражаттарына байланыштуу мамлекетте башкача саясат же мамиле болуп жатат деп ойлойсузбу?

Шохрух Саипов: Мамлекет кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизди деп айта албайм. Менимче, гезит, радио же телевидение болобу, редакциялардын ичинде ушундай саясат болууда. Айрым ички чектөөлөр, айрым күчтөрдүн кызыкчылыгынын кагылыштарынан улам ушундай абал түзүлүүдө. Биз мыйзам талаасында сүйлөшүп, аларды чечүүнүн жолдорун издеп жатабыз.

«‎Азаттык»: Болот мырза, бүгүнкү журналистикада «‎факт-чекинг» деген түшүнүк пайда болду. Жалпак тил менен айтканда ал эмне? Анын милдети, максаты эмнеде? Кыргызстанда «‎факт-чекинг» тажрыйбасы барбы, болсо ал кандай натыйжаларды берүүдө?

Болот Темиров: «‎Факт-чекинг» деген журналистиканын багыты, «‎маалыматты текшерүү, тактоо» деген маанини түшүндүрөт. Учурда «‎фейк-маалыматтар» (жалган маалыматтар) дүйнө боюнча чоң көйгөй жаратууда. Ошол «‎фейктерди» текшерип, тактаган формат — бул «‎факт-чекинг». Кыргызстанда маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда кайсы бир окуяга, адамга байланыштуу «‎фейк- маалыматтарды» атайын пропагандалык жана манипуляциялык максатта колдонуп, коомдук пикир түзүүгө аракет кылган учурлар аз эмес.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG