Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:42

Кремль Сандунун Днестр боюндагы орус аскерлерин чыгаруу боюнча сунушун четке какты


Молдованын жикчил Днестр бою аймагындагы акча бирдигинде украин акыны Тарас Шевченконун сүрөтү тартылган.
Молдованын жикчил Днестр бою аймагындагы акча бирдигинде украин акыны Тарас Шевченконун сүрөтү тартылган.

Расмий Кремль Молдованын жаңы шайланган президенти Майя Сандунун Днестр боюндагы жикчил аймактан орусиялык аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу сунушун четке какты жана өз жообун «аймактагы кырдаалды туруксуздаштырууга жол койбоо» далалаты менен түшүндүрдү. Молдованын Батыш Европа менен тыгызыраак карым-катнашын жактаган Санду айым азыркы орусиячыл президент Игорь Додонду эки жума мурда президенттик шайлоонун 2-айлампасында жеңип алган.

Санду айым мекендештерин бир тараптуу дипломатиядан четтеп, Орусия жана Евробиримдик менен тең салмактуу саясат жүргүзүүгө үндөп келет. Бирок ал 30-ноябрда Кремлди Днестр боюндагы орусиялык аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырды.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз өкүлү Дмитрий Песков расмий Кишинёв мындан кийин деле «конструктивдүү» бойдон кала берет деген ишеничин айтып, Днестр боюнда Орусия «өзгөчө маанилүү ролду ойноп жаткандыгын» билдирди жана «айрым статус-квого тиешелүү жагдайлар» өзгөрчү болсо, анда «олуттуу туруксуздаштырууга» жол коюлушу ыктымал деп эскертти.

Молдованын бир ыптасы болгон Днестр бою аймагы 1990-жылы эле өз алдынчалыгын бир тараптуу жарыя кылган. 1992-жылы аймакта кыска мөөнөттүк согуш да болгон. Днестр боюндагы жикчилер үчүн эгемен Молдова Румыния менен кошулуп кетет деген чочулоо да шылтоо болгон.

Орусия Днестр боюндагы жикчилерди ырааттуу колдоп келет. Днестр боюндагы жикчил аймакта 213 000 киши орусиялык паспортко да ээ. Ал эми жалпы калк саны – 500 миңден ашуун кишиден турат. Дүйнө өлкөлөрү тааныбаган бул жикчил аймакта 2017-жылдан тартып Орусиянын желеги экинчи мамлекеттик желек катары колдонулуп келет. (TT)

XS
SM
MD
LG