Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Молдова өкмөтүнүн Бириккен Улуттардын Башкы Ассамблеясынын кийинки сессиясында Днестр бою (Приднестровье) жикчил аймагынан орусиялык аскерлерди чыгарып кетүү суроосун талкуулоо чакырыгын четке какты.
Орусиянын БУУдагы жаңы элчиси Василий Небензя Молдованын сунушу "күтүүсүз" жана "достук мамилеге жатпайт" деди. Ал ошондой эле расмий Москвага бул тууралуу алдын ала эч нерсе айтылбаганын билдирди.
Молдованын парламентинин төрагасы Андриан Канду (Andrian Candu; 1975-жылы туулган) 23-августта Facebook аркылуу тараткан билдирүүсүндө Днестр бою аймагынан орусиялык аскерлерди чыгарып кетүү маселесин талкуулоо жөнүндөгү өтүнүч кат БУУга андагы Молдованын элчиси Виктор Морар тарабынан жеткирилгенин ырастады.
- 25 жылдан бери "бейпилдик орнотуу миссиясы" деген шылтоо менен Орусия бизди коркутуп, өлкөбүздүн аймагында өз аскерлерин, аскерий техникаларын жана курал-жабдыктарын жайгаштырып келди, - деди Молдованын парламентинин спикери Канду өз билдирүүсүндө.
Пост-советтик Молдова парламенттик жумурият болуп эсептелет.
Ал эми Молдованын Орусияга ымала санаган президенти Игорь Додон өкмөттүн бул сунушун "курулай пиар" деп сынга алды.
Азыр Днестр бою аймагында Орусиянын 1400 жоокери "тынчтыкты коргоочулар" деген макам менен жүрүшөт. "Днестр бою жумурияты" 1992-жылкы Кишинёв менен болгон кыска мөөнөттүк согуштан кийин өзүн Молдовадан күнкорсуз деп жарыялаган. Аймактагы 600 миңге чамалуу элдин көпчүлүгү орус тилдүүлөр.