Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Эл аралык валюта кору Молдовага 180 миллион доллар насыя бөлөт


Молдованын президенттигине талапкер Майя Санду.
Молдованын президенттигине талапкер Майя Санду.

Эл аралык валюта кору Молдовага 180 миллион доллар насыя бөлүп берүүнү жактырды. Мындай чечим ушул жекшембиде өтө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын алдында кабыл алынды. Анда өлкө башчылыгына орусиячыл талапкер Игорь Додон жана Молдованын Евробиримдик менен интергациясын колдогон Майя Санду ат салышат.

7-ноябрда эл аралык уюмдун Вашингтондогу Аткаруучу кеңеши үч жылдык насыя берүүнү жактырып, 36 миллион доллар токтоосуз которулаарын билдирди.

Эл аралык валюта кору менен Евробиримдик Молдованын үч банкынан 2014-жылы бир миллиарддай доллар дайынсыз жоголгонуна байланыштуу бул өлкөгө жардам көрсөтүүнү токтотуп койгон.

Акчанын жоголушуна байланыштуу Молдовада бир катар коррупциялык жаңжалджар тутанып, өкмөттүн жана парламенттин алмашуусуна алып келген.

Фонд акыркы эки жылда Молдова өзүнүн укуктук базасын жакшыртып, банк тармагын күчтөндүргөнүн белгиледи. Ошону менен уюм Борбордук банкта жана сот системасында бир катар реформаларды өткөрүүгө чакырды.

Молдовада 30-октябрда соңку20 жылда алгачкы жалпы элдик президенттик шайлоо өткөн. Алдыдагы добуш берүү Евробиримдик менен интеграцияны колдогондор жана Орусия менен тыгыз карым-катнашта болууну көздөгөндөр ортосундагы күрөш катары каралууда.

XS
SM
MD
LG