Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:22

Казакстанда бийликке каршы акциялар уланууда


Уральск шаары. 2021-жылдын 28-февралы.
Уральск шаары. 2021-жылдын 28-февралы.

Казакстандын Уральск шаарында бүгүн, 28-февралда бийликтен саясий реформаларды жүргүзүүнү жана саясий туткун деген адамдарды бошотууну талап кылган акция өтүп жатат.

“Азаттык” радиосунун казак кызматынын маалыматына караганда, акция аянтка 350дөй адам чогулду. Алар “18 миллион калкы бар өлкөдө бир гана адам башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу туура эмес экенин” айтып, бийликтин алмашуусу, акимдерди шайлоо аркылуу тандалуусу керектигин белгилеп жатышат.

Нур-Султан шаары. 2021-жылдын 28-февралы.
Нур-Султан шаары. 2021-жылдын 28-февралы.

Казакстанда жекшемби күнү жер-жерлерде нааразылык акциялары өтөрү жарыяланып, бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов тарапкерлерин бул иш-чараларды колдоого чакырган.

Кабарчылардын айтымында, айрым шаарларда жолдор тосулуп, аянттарга тосмолор коюлду.

Уральск шаары. 2021-жылдын 28-февралы.
Уральск шаары. 2021-жылдын 28-февралы.

Нур-Султан шаарында Жаштар ордосуна кеткен жол жана бир нече көчө жабылды. Кээ бир жерлерде полициянын атайын машиналары турганын көрүүгө болот.

Алматыда да акция өтө турган аянтка кирүүгө тыюу салынып, бир активисттин машинасын күч кызматкерлери алып кетишти.

Чимкенттин Нооруз аянтында полициянын машиналары турат.

Журналисттер интернет байланыш үзгүлтүккө учурап жатканын билдиришти.

10-январда өткөн Мажилиске шайлоодо өлкөнүн борбору да камтылган шаарларында бир нече ондогон демонстранттар нааразылык чараларына чыккандыгы үчүн кармалышкан.

Соңку маалыматтарга караганда, Семей шаарында чогулган демонстранттардын айрымдарын полиция кармап кетти.(RK)

XS
SM
MD
LG