Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясы кезексиз курултайын өткөрдү


"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын курултайы. Бишкек шаары. 2021-жыл. 28-февраль
"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын курултайы. Бишкек шаары. 2021-жыл. 28-февраль

Бишкекте 28-февралда «Ата-Журт Кыргызстан» деп аталган партиянын курултайы өттү. Анда партия 11-апрелде боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого бардык аймактардан катышары айтылды.

Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы соңку маалымат боюнча партиялардын тизмесинде “Ата-Журт Кыргызстан” деген аталыштагы партия жок.

Жыйында партиянын төрагасы Айбек Маткеримов, Бишкек шаары боюнча лидери Бабур Төлбаев экени жарыяланды.

41 жаштагы Маткеримов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясынын тизмеси менен № 84-талапкер болуп катышкан. Бул партия добуштардын 6,92% алган.

45 жаштагы ишкер Бабур Толбаев быйылкы президенттик шайлоого катышып, добуштардын 2,35% ээ болгон, анын көпчүлүгүн ал Бишкек шаарынан алган эле.

Былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо саясатчы Камчыбек Ташиев жетектеген «Мекенчил» партиясы быйылкы жергиликтүү шайлоого катышпай турганы жакында белгилүү болду.

Партияга буга чейин президент Садыр Жапаров да мүчө болгон. Президент болгондон кийин Жапаров партиядан чыккан же чыкпаганын расмий жарыялай элек.

Жапаров “Мекенчил” партиясы парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорго катышпай турганын 24-февралда Москва шаарында кыргызстандыктар менен жолугушуу маалында билдирген болчу.

11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Мунун ичинен 28и шаардык, 420сы айылдык кеңештер. Азыр партиялар курултайларын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин түзүүдө.

Кыргызстанда 2006-жылы түзүлгөн "Ата-Журт" партиясы бар. Юстиция министрлигинин сайтында анын жетекчиси катары Азамат Кенжебаев аттуу адам көрсөтүлгөнү менен азыркы лидери саясатчы Акматбек Келдибеков экени айтылып келет. Аталган партиянын өкүлдөрү "Азаттыкка" билдиришкендей, "Ата-Журт Кыргызстандын" аларга тиешеси жок. (RK)

XS
SM
MD
LG