Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Бишкекте "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык маршы уланды


Жүрүштүн катышуучулары. 2021-жылдын 28-февралы.
Жүрүштүн катышуучулары. 2021-жылдын 28-февралы.

Бишкекте бүгүн, 28-февралда жарандык коом өкүлдөрүнүн Кыргызстанда мыйзамдуулуктун сакталышын жана коррупцияга каршы күрөштү талап кылган салттуу акциясы өттү.

Жыйырма чакты активист Темир жол бекетинин жанынан чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянты көздөй тынчтык жүрүш уюштуруп, акциясын жыйынтыкташты.

Алар колуна "Коркпо. Жакшы жашоону талап кыл" деген жазууну кармап турушту.

Жүрүш Ала-Тоо аянтында жыйынтыкталды.
Жүрүш Ала-Тоо аянтында жыйынтыкталды.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат.

Кыймыл 27-февралда социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына “Ачык куугунтуктоо башталды!” деген билдирүү жарыялап, 27-февралда Бишкекте уюштурган иш-чарасына күч кызматкерлери катышууга аракет кылышканын сынга алган. Күч органдары бул билдирүүгө жооп кайтарган жок. (NT)

XS
SM
MD
LG