Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Ошто Райымбек Матраимовду колдогон митинг өтүп жатат


Ош шаарынын борбордук аянты. 2021-жылдын 28-февралы.
Ош шаарынын борбордук аянты. 2021-жылдын 28-февралы.

Бүгүн, 28-февралда Ош шаарынын борбордук аянтында жүздөгөн адам катышкан акция өтүп жатат. Чогулгандар Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоп, аны абактан чыгарууну талап кылган ураандар айтышууда.

Митингде бейөкмөт уюмдардын, "Азаттык" радиосунун ишмердүүлүгүнө каршы пикирлер да айтылып жатат. Митингде Райымбек Матраимовдун бир туугандары да жүрүшөт.

Жыйынды тамада Аманбек Ибраев алып барууда.

Коррупцияга айыпталып келаткан Райымбек Матраимов алгач УКМК тарабынан камакка алынганда тергөө менен кызматташып, күнөөнү моюнуна аларын айткан. Анын натыйжасында 2 млрд. сом кенемтени мамлекетке кайтарган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 11-февралда Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча айыптуу деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Соттун мындай чечимине коомчулуктун нааразылыгынан кийин президент Садыр Жапаров Матраимовго байланыштуу иштер дагы улантыларын айткан болчу.

18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин Матраимов экинчи жолу кармалган. Ал бул ирет кылмыштуу кирешени адалдаштырууга байланыштуу айыпталууда.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан. (DU)

XS
SM
MD
LG