Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Сот Матраимовдордун журналисттерге тыюу салуу тууралуу өтүнүчүн четке какты


Райымбек Матраимов. Архивдик сүрөт.
Райымбек Матраимов. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын жакындарынын журналисттерге алар тууралуу мурда жазылган маалыматтарды сотко байланыштуу кайра жарыялоого тыюу салуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган жок. Негизги доо арыз боюнча 3-февралга белгиленген сот отуруму болбойт.

Бул тууралуу «Азаттыктын» кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушев билдирди.

Анын айтымында, Матраимовдор журналисттерге каршы негизги доо арызына аларга шек келтирүүчү, чындыкка дал келбеген деп эсептеген материалдарды тиркешкен жана эми ошол маалыматтардын сот ишине байланыштуу көчүрмөсү кайра кайсы бир булактарда жарыяланышына тыюу салууну өтүнүп жатышат:

«Биз кечээ соттун аныктамасын алдык, - деди ал. - Доогерлердин өкүлдөрү өз доо арызында келтирилген маалыматтардын жарыяланышына мындан ары тыюу салуу тууралуу өтүнүч менен кайрылышкан. Сот аны канааттандыруусуз калтырып, четке какты. Доогерлер ал боюнча эми жеке арыз менен шаардык сотко кайрылышты. Негизги иш каралбай турат».

Мындай аныктаманы сот канцеляриясы аркылуу 2-февралда чыгарганы белгилүү болду. Ага ылайык, шаардык сот арызды карап бүткөнгө чейин негизги иш каралбайт.

Матраимовдордун доо арызы боюнча негизги ишти Бишкектин Свердлов райондук соту кароодо. Буга чейинки сот отуруму Раимбек Матраимов жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунова аты-жөнүн алмаштырганы үчүн тиешелүү документтер талап кылынгандыктан 3-февралга которулган эле.

2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган. (RK)

XS
SM
MD
LG