Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:26

Матраимов кайтарган мүлк талкууга түштү


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Ошентип, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов коррупциялык иштерин моюнга алып, мамлекетке келтирген деп ушу тапта тергөө эсептеген чыгымды төлөп берди.

Эл оозунда «Раим миллион» деген ылакап ат менен белгилүү болгон Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирген чыгымды кайтарды. Ал 1 млрд. 400 млн. сомду акча менен, калганын бир соода борбору, тогуз батир менен төлөдү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин журналисттерге берген маалыматы боюнча, Райымбек Матраимов тергөөдө бажыдагы коррупциялык схемадан тартып, ага катышкан адамдар тууралуу ийне-жибине чейин айтып берди.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

«Матраимов өзү биз менен кызматташууну каалады, - деди Камчыбек Ташиев. - Келтирилген чыгымды болсо тергөө аныктады. Мен бир эле эпизодун айтып берейин. Биз: «Бул акчаны кайдан алдыңар?» деп сурадык. Алар Кытай менен Кыргызстандын чек арасынан өткөн ар бир автоунаадан 500 доллардан 3 миң долларга чейин акча алып турушканын айтып беришти. Ал (ред: Райымбек Матраимов) иштеген учурда канча машине өтүшү мүмкүн экенин эсептеп чыгып, чыгым ошол жерден да саналды. Ал бул ишти кимдер менен кылганын ачык айтып берди».

Ташиев жалпылап гана айтканы болбосо Матраимов бажыда түзгөн коррупциялык иштерден мамлекетке келтирилген чыгым кантип эсептелип чыкканын деталдуу түшүндүрүп бере алган жок.

Негизинен Райымбек Матраимов бажыга 1997-жылы келген. Ал бул тармактагы эң жогорку кызматын 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары катары ээлеп турган.

Атайын кызмат Матраимов бажыдагы коррупциялык схеманы 2016-жылы түзүп, ал ушул күнгө чейин иштеп келатканын кабарлаган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев жакында эле 2019-жылы Кытайдан Кыргызстанга 36 миң оор жүк ташуучу автоунаа товар алып киргенин жарыялаган. Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, 2017-2018-жылдары коңшу өлкөдөн кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» менен «Эркечтам» өткөрмө бекеттеринен жылына 20 миңдей жүк ташуучу автоунаа өтүп турган.

Талдоочулар Матраимов моюнуна алгандай ал түзгөн коррупциялык топ ар бир автоунаадан 500 доллардан 3 миң долларга чейин пара алган болсо чыгымдын көлөмү бир топту чапчыйт деп жатышат.

Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев кыргыз-кытай чек арасындагы мыйзамсыз иштер тууралуу мындай деди:

«2014-2015-жылдары «Торугарт» бекетине караганда «Эркечтамдан» өткөн жүк көбөйүп кетти. Себеби, бул постторго Өзбекстандын, Тажикстандын жана Ооганстандын да жүктөрү келе баштаган. Матраимовдор түзгөн схемага карабастан күнүгө 150-200гө жакын машине өтчү. Мурда импорт жана экспорт деген эле түшүнүк бар болчу. Кийин жүк ташуучулар менен жүктүн ээлери транзитти билип алып ушул ыкманы колдонушту.

Мисалы, Кара-Сууга келаткан жүктүн баарын Дүйшөмбү шаарына алып кетишчү. Негизи жүк Кара-Сууга келет. Бирок транзит болгондуктан бажы алымы алынчу эмес. Ошондуктан салык да төлөнбөйт. Муну билген Матраимов коррупция кыла баштаган».

Бажыдагы коррупция жана ага Райымбек Матраимовдун байланышы тууралуу бир нече журналисттик иликтөөлөргө катышкан эркин журналист Али Токтакунов бажыдагы жемкорлуктан бюджет тарткан чыгым туура эмес эсептелген деген пикирде. Ал бул тууралуу тартылган чакан видеону «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялап, аны бир бүтүн нандын мисалында түшүндүрүп берди:

«Эгерде Матраимов уурдаган акча бүтүн нанга тете болсо, УКМК таап чыккан акча - кичинекей гана бөлүгү. Матраимовдор элдин бүтүн нанын тартып алып бир сындырым нан берип жатат. Демек, мындан ары уураларда «биз уурдап алып күкүм берип койсок кутулат экенбиз» деген прецедент түзүлөт. Анын ичинен УКМК Матраимов кайтарган тогуз батирди өзүнө алып алууда. Муну кол кесер деп түшүнсөк болот. Башкача айтканда пара катары сезилет. Себеби, анын чоң мүлкүн жашырып көрбөй коюш үчүн ушундай келишим болушу мүмкүн. Биз Матраимовдун журналисттер таап чыккан, таап чыга албаган да мүлкүн, элден уурдаган акчасын элге кайтарыш керек деп эсептейбиз. Аны пенсия, жөлөк пул жетпей, нан менен эле чай ичип отуруп калгандарга кайтарыш керек».

Мүлк демекчи, УКМК Райымбек Матраимовдон алынган тогуз батирдин бирөөнү социалдык мекемеге айлантып, калганын атайын кызматтын кызматкерлерине бергени жатат. Бул коомчулукта сынга кабылды. Иштин чоо-жайы тууралуу элге кенен маалымат жеткирбей туруп кабыл алынган чечимдер толгон-токой суроо жаратты.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Матраимовдон акча өндүрүү жана анын мүлкүн бөлүштүрүү иштерин сындап, атайын кызмат сот, прокурор, тергөөчү болуп алганын билдирди:

«Матраимовдордун кандай күнөөсү бар экенин, алар бюджетке канча зыян алып келгенин тергөө органдары иликтеп чыгып, аны сот аныкташы керек эле да. УКМКнын «Матраимов 2 млрд. сом төктү, тогуз батирин биз алабыз» дегени - рейдерлик басып алуу. Бул бир да конституциялык укуктарга туура келбейт. УКМК ишти иликтеп чыккан күндө да мүлктү алып, кызматкерлерине бөлүп берип коюуга Ташиевге да башкасына да укук берилген эмес. Мен Матраимовдун укугун коргоп жаткан жерим жок. Аны тааныбайм. Бирок мыйзамсыздык болуп жатат. Бир да батир УКМКнын кызматкерлерине берилбеши керек».

Матраимов мамлекетке өткөрүп берген соода борбору - Бишкекте жайгашкан «Элдорадо» соода түйүнү. Ал Райымбек Матраимовдон агасы Искендер Матраимовдун аялы Минавар Жумаевага катталган.

Коомчулуктун сынынан кийин 26-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бажы тармагындагы коррупциялык иштерден улам, мамлекетке кайтарылган батирлер коопсуздук кызматкерлерине берилбей турганын кабарлады. Бул мүлктөрдүн баары мамлекеттин эсебине кайтарыла турган болду.

Райымбек Матраимов бюджетке которгон каражат менен мүлкүнө байланыштуу комментарий бере элек. Анын Жогорку Кеңештеги депутат агасы Искендер Матраимовго чалганыбызда буларды айтты:

Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

«Муну (ред: мүлк жана төлөнгөн каражат) тергөө менен өздөрү билишет. Мен буга катышканым жок. Мунун баары мыйзамдын негизинде алынса керек дейм. Мен өзүм чоң бир басма сөз жыйынын өткөрөм. Керек болсо ошондо бардыгын айтып берем».

Райымбек Матраимовдун байлыгы жана ага байланыштуу иштер 2018-жылы эле иликтене баштаган. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков атайын тапшырма берип, бирок андан жыйынтык чыккан эмес.

УКМК Райымбек Матраимовго ушул жылдын октябрь айында бажыдагы коррупциялык иштер боюнча кылмыш ишин козгоп, ишти эки айдын ичинде иликтеп бүтүп сотко жөнөтүү алдында турат.

Кыргызстанда аткамининерлер коррупцияга байланыштуу шек саналып мүлкү мамлекетке конфискация болгон окуялар бар. Маселен, 11 жылга кесилген Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган. Ал 11 батирин, Бишкектеги «Караван» соода түйүнүн, «Sapat Center» бизнес-борборунун мамлекеттин менчигине өткөрүп берген.

«Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин да өзүнүн жана жакындарынын бир катар мүлк объектилери соттун чечими менен конфискация болгон.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев соттун чечими чыга электе эле тергөө шектүүдөн чыгымды өндүрүшүнө мыйзам жол бере турганын билдирди:

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

«Сот жообуна тартылып жаткан адам мамлекетке келтирген чыгымды Эсеп палатасы же тиешелүү тергөө органдары иликтеп чыгат. Чыгым аныкталгандан кийин тергөө органдары шектүүгө «ушунун негизинде мамлекетке келтирилген чыгымды төлөңүз» деп кайрылат. Иш сотко өткөнчө тергөө органдары чыгымды өндүргөнгө аракет кылышы керек. Мыйзамда бул так жазылган. Мыйзамда «соттолгондон кийин гана чыгым төлөнөт» деген жери жок».

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген.

Бул иш боюнча 11-декабрга белгиленген сот отурум Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова келбей калганына байланыштуу 2021-жылдын 15-январына жылдырылган.

Сотто «Азаттык» радиосунун кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушевдин сөзү боюнча, Райымбек Матраимов күнөөсүн моюнга алып чыгымды төлөп бергендиктен жалпыга маалымдоо каражаттарына карата иш да токтошу керек.

«Негизи логикага сыйбаган нерсе болуп жатат. Райымбек Матраимов айыпка макул болуп, акчаны төктү. Ошондуктан алар доо арызын алып коюшу керек эле», - деди ал.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосуна, журналист Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарына жалпысынан 60 млн. сомдук доо койгон. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 млн. сомдук материалдык доосунан баш тартып, анын бул өтүнүчүн сот канааттандырган.

XS
SM
MD
LG