Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Издөөдө жүргөн экс-мэрдин иши өзүнчө каралат


Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов 5-6-октябрдагы окуялар учурунда түрмөдөн бошотулуп, кайра кайтып барган эмес.
Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов 5-6-октябрдагы окуялар учурунда түрмөдөн бошотулуп, кайра кайтып барган эмес.

23-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата коррупциялык айыптоолор боюнча бириктирилген соттук териштирүүнү карады.

Сотто экс-мэр Албек Ибраимовго издөө жарыялангандыктан анын ишин бөлүп кароо чечими чыгарылды.

Кой-Таш окуясында каза болгон жоокердин жакындары Атамбаевди күнөөлөп, сот жараяны созулуп жатканына нааразы болду.

Сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов алып келинди. Судья Азирет Медеров жараянды cүрөт жана видеого тартууга уруксат берген жок.

Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

Соттук териштирүү башталар алдында Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев жана башка бир нече адвокат айыпталуучулардын бири, экс-мэр Албек Ибраимовдун келбегенине байланыштуу жараянды өткөрүүгө болбосун айтышты. Бул маселе боюнча Жоошев менен судья Медеровдун ортосунда кайым айтышуу орун алды.

Сотто айыпталып жаткандардын бири, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев Кой-Таш окуясы менен башка дагы иштердин аралашып калганына нааразы болду.

«Шадиев менен Ибраимовдукун өзүнчө карашы керек. Азыр эмне сот болуп жатканын түшүнбөй жатабыз. Бир жарым жыл түрмөгө эмнеге отуруп чыкканыбызды да түшүнгөн жокпуз», - деди экс-депутат.

Мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчү менен мурдагы калаа башчысы Албек Ибраимовдун иши өзүнчө каралмай болду.

Буга чейин жүргөн жери белгисиз болуп жаткан экс-мэр Албек Ибраимов менен экс-депутат Аскарбек Шадиевдин сотко катышпаганына байланыштуу отурум жылып калган.

Сот отурумунда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири, президенттикке талапкер Равшан Жээнбековдун аймактарга эркин чыгууга уруксат сураган өтүнүчү каралган жок.

Бирок талапкер Жээнбеков судья Ибраимов кеңешүүгө чыкканда шайлоого байланыштуу иш-чарасы бар экенин айтып, кетип калды. Ошондой эле дагы бир айыпталуучу Ноорузбек Капарбек уулу жакыны ооруп жатканын жүйө келтирсе, экс-мэр Албек Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев башка сотка катышарын айтып, залдан чыгып кетишти.

Мамлекеттик айыптоочулар сот отурумунан уруксатсыз чыгып кеткендерге көңүл буруп, тийиштүү чара көрүүгө чакырды.

«Алар бул аракети менен сот отурумунун эрежесин бузушту. Сот залынан кетүүгө укугу жок болчу. Жактоочуларынан суранабыз, кийинки отурумга тийиштүү документ алып келишсин», - деди прокурорлор.

Эки айыпталуучунун катышпай жатканын айткан айрым жактоочулар сотту жылдырууну сунушташты. Судья Азирет Медеров адвокаттардын өтүнүчү менен отурумду 30-декабрга жылдырды. Ошентип, бул жолу да кылмыш ишинин мазмуну боюнча соттук териштирүү башталган жок.

Кой-Таш окуясында каза болгон атайын кызматтын офицери Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева соттун созулуп, баласынын өлүмүнө күнөөлүүлөр жазасын албай жатканына нааразы.

«Ибраимов, Шадиев жок Атамбаев жалгыз отурат. Кой-Таш ишин бөлүп карашыбыз керек болчу. Кыргыз мыйзамдарын түшүнбөй калдым. Билбейм эми кандай болот? Булар Кой-Таш окуясында уюшкан кылмышты жасаган да», - деди Мамаева.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Атамбаев айыпталып жаткан иштер боюнча күнөөсүз экенин айтып, аны үй камагына чыгаруу керек деп эсептейт. Ошондой эле Жоошев талапкер Равшан Жээнбековдун дагы адвокаты. Ал судьянын Жээнбековдун аймактарга барышына уруксат бербей жатканын сындады.

«Жээнбековдун өтүнүчүн өткөндө да, бүгүн да караган жок. Муну жасалма тоскоолдук жаратуу десек болот. Бул иш тезинен каралышы керек»,- деди Жоошев.

Сот жүрүп жаткан учурда Атамбаевдин тарапташтары чогулуп, "боштондук" деп кыйкырып турушту.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери сотто. 2020-жылдын 23-декабры.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери сотто. 2020-жылдын 23-декабры.

25-ноябрда сот Атамбаевдин үч ишин бириктирип кароо тууралуу чечим чыгарган. Жактоочулары үч иш боюнча түшүндүрмө бергенде - бири Кой-Таш окуясы, экинчиси Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча экенин айтышкан. Үчүнчү иш Атамбаевге жана мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге каршы козголгон. Иш «Бишкектин Жылуулук электр борборундагы коррупция», ««Терек» сурьма кениндеги коррупция», «Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу» деген үч эпизоддон турат.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында өткөн.

Анда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. 250дөй күбөнүн он чактысы суралып бүттү.

Батукаевдин ишине байланыштуу Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Учурда Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалып турат. Ал Кыргызстандын президенти болуп 2011-2017-жылдары иштеген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG