Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:16

Матраимовдордун доо арызы боюнча сот создукту


Коллаж.
Коллаж.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, журналист Али Токтакуновго, «Kloop.kg» сайтына каршы жазган доо арызы боюнча 11-декабрга белгиленген сот иши каралбай, 15-январга жылды.

Журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн журналистке жана үч медиа мекемеге каршы доо арызын кароо 11-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда уланышы керек эле.

Бирок ишти карап жаткан судья Жылдыз Ибраимова келбей калган. «Азаттык» радиосунун кызыкчылыгын сотто коргоп жаткан юрист Акмат Алагушев иштин жылдырылышын анча түшүнбөй калганын билдирди:

Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.

«Сот ишинин бул жолку жылышы түшүнүксүз болуп жатат. Судья бир тажыяга кетип бошобой калыптыр. Бирок анын жакыны каза болсо дароо эле айтышмак. Ким экенин белгисиз. Ишти атайын создуктуруп жаткандай элес калтырып жатат. Бирок эмнеге экенин так айта албайм. Буга чейинки сот иши да жылдырылган. Ага доогер тараптын бирөө келбей калганы себеп болгон. Аны түшүнгөнбүз. Бирок азыркы жылдырылган сот иши түшүнүксүз».

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова буга чейин да 12-ноябрдагы сот отурумун 11-декабрга жылдырган эле. Ага «Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун» өкүлү Лейла Байдаеванын келбей калганы, сотко ал Түркияга учуп кеткенин тастыктап, авиабилеттин көчүрмөсүн жөнөткөнү себеп болгон.

«Азаттыктын» мурдагы кабарчысы, иликтөөчү журналист Али Токтакунов 11-декабрдагы сотко бара турганын билдирген. Ал соттун жылып калышы Матраимовдордун пайдасына иштеп жатканын айтты:

Али Токтакунов.
Али Токтакунов.

«Соттун улам жылып жатканы Матраимовдорго пайда алып келет. Себеби бул иш Свердлов райондук сотуна кандайча келип калганы белгилүү. Матраимовдор бул ишти кантип жабышты билбей турушат, сотко бере калып, кайра кантип кетенчиктештин айласын таппай жатышат. Булар убакыттан утуп, мүмкүнчүлүк издеп, Матраимовдун атын унуттуруп, анан сотту жаап кетсек деп ойлошууда. Учурда ал «Магнитский акты» тизмесине кирип, элдин көңүл чордонунда турат. Ошондуктан ага мындай учурда соттошуу ыңгайсыз. Бирок биз бул маселени унуттурбайбыз. Паракор дайыма паракор боюнча калат. Канчалык чойсо да булар акыры жеңилет».

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд сотко кайрылган. Алар журналисттик иликтөөлөрдү каралоо катары баалашкан.

Райымбек Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жактоочусу Татьяна Карыжинская 12-ноябрда журналист Али Токтакуновдун Кыргызстанда жүргөнү тууралуу кабары бар экенин, аны сотко катыштырыш керек экенин айтып чыккан. Ал «11-декабрда болчу сотто Али Токтакуновго суроолорум бар болчу» деди:

Татьяна Карыжинская.
Татьяна Карыжинская.

«Биз үч медиа мекеме менен кошо Али Токтакуновго карата да доо арыз жазганбыз. Албетте, ага суроолорубуз бар. Бирок судьянын жоктугуна байланыштуу сот отуруму жылып калды. Ал эми Райымбек Матраимовдун бюджетке акча төлөп берип жатканы тууралуу менин ишим жок. Аны мен тергеп жаткан жерим жок да».

Бул - жаңы бийлик келгенден кийин кармалып, тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен бошотулган мурдагы бажычы Райымбек Матраимов коррупцияга байланыштуу шек саналгандан кийинки алгачкы сот жараяны.

Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана аты бар, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов быйыл 20-октябрда кармалган.

Ошол эле күнү анын бөгөт чарасын караган Биринчи май райондук соту Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, мамлекетке келтирген чыгымын толугу менен төлөп берүүгө убада бергенин эске алып, аны эч кайда кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.

Матраимов иши: Эркиндиктин баасы эки миллиард сомбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы ошол күнү тараткан кабарда Матраимовдун кылмыштуу аракеттеринин кесепетинен мамлекет 2 миллиард сом зыян тартканы аныкталганы жана ал аны төлөп бере турганы белгиленген.

Матраимов УКМКнын бул маалыматына эч кандай комментарий берген эмес.

Кыргызстандын Финансы министрлиги 8-декабрда Матраимов мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төккөнүн билдирди.

Жураналист Али Токтакунов ушундан улам сот иши өзүнөн өзү токтотулушу керек эле деген оюн ортого салды:

Матраимов коррупционер экенин азыркы жаңы бийлик мойнуна алды.

«Матраимов коррупционер экенин азыркы жаңы бийлик мойнуна алды. Керек болсо аны АКШ да коррупционер деп тааныды. Ал Кыргызстандан уурдап, чет өлкөгө алып чыгып кеткен миллиондогон акчаны кайра Кыргызстанга кайтарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул кыргыз бийлигине эл аралык коомчулуктан чоң жардам болду. Мына ушундай шартта, Матраимовдордун бизге каршы жазган доо арызынын негизиндеги сот өзүнүн маанисин жоготту. Бул токтоосуз түрдө жокко чыгарылышы керек».

АКШнын Финансы министрлиги 9-декабрда Райымбек Матраимовго санкция киргизди.

Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта «Магнитский акты» деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта Матраимовго салынган санкция коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүндө АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офиси (OFAC) Африка жана Азиянын айрым мамлекеттериндеги жемкорлорду жана алардын байланыш чөйрөсүн көзөмөлгө алып жатканы белгиленген.

«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлкү менен финансылык активдери камакка коюлат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисине берилет. Мындан тышкары камакка коюлган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактардын үлүшү да камакка коюлат. Ал офистин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан операцияларына катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле «кара тизмеге» илинген адамдын кызматын көрүүгө же ага кызмат көрсөтүүгө, каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.

Райымбек Матраимов же анын жакындары АКШнын «кара тизмеси» боюнча да комментарий бере элек. Алар буга чейин бажыдагы былык иштерге Райымбек Матраимовдун тиешеси жок экенин айтып келген.

Райымбек Матраимовго байланышкан ишти учурда УКМК тергеп жатат. Ал Мамлекеттик бажы кызматындагы Матраимов түзгөн коррупциялык схемага 40 киши аралашканын кабарлаган эле. Алар кимдер, мамлекетке канча зыян алып келген? Атайын кызмат бул суроолорго тергөө аяктаганда жооп бере турганын билдирүүдө.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Райымбек Матраимовду азыркы бийлик коргобой турганын айткан:

«Азыр мамлекет же болбосо көзөмөл органы тарабынан эч кандай калкалоо жок. Биздин максатыбыз мамлекеттик зыянды ордуна кайтаруу, коррупцияга бөгөт коюу, кылмыш ишин тез арада тергеп сотко өткөрүү, соттон жазасын алуу болуп эсептелет. Ушул аракетте иш алып барып жатабыз».

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, журналист Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын былтыр 9-декабрда бул үч медиада жарыяланган иликтөөлөрдөн кийин сотко берип, жалпысынан 60 миллион сомдук доо койгон. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.

XS
SM
MD
LG