Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:02

Новиков чек арадагы аткезчиликке каршы ишти сындады


Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков, мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Искендер Асылкулов (сүрөттүн сол жагында турат) жана чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев (ортодо формачан турат). “Чалдыбар” өткөрмө жайы. 28-ноябрь, 2020-жыл.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков, мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Искендер Асылкулов (сүрөттүн сол жагында турат) жана чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев (ортодо формачан турат). “Чалдыбар” өткөрмө жайы. 28-ноябрь, 2020-жыл.

Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Артем Новиков кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрмө жайына барып, коррупцияны азайтуу аракеттери жүрбөй жатканына күбө болду.

Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Искендер Асылкуловду сындады.

Буга бажыдан өткөн товарларды эсепке алуучу жабдуулар иштемек турсун, орнотула электиги себеп болду.

Искендер Асылкулов: Камералар орнотулуп жатат...

Артем Новиков: Кана? Ким орнотуп жатат? Чалгыла. Салык кызматынын жетекчиси “сыноо режиминде иштеп жатат” деп өзү айткан. Кана иштегени? Камералар таңгактан чыкпай турат.


“Ушул убакка чейин даярдалган чаралардын эч бири иштебей жатканына ынандык. Мисалы, салык кызматына 15-ноябрдан баштап товарларды эсепке алуунун пилоттук тутумун киргизүү тапшырмасы берилген. Бирок жабдуулар орнотула электигин көрүп жатабыз”, - деди Новиков.

Системанын иштебегени коррупция менен аткезчиликке оңой жол ачарын мисал келтирген Новиков Чек ара жана башка кызматтар менен Кыргызстанга кирген жүк ташуучу машинелердин эсебиндеги чоң айырманы атады.

Артем Новиков жана Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрмө жайында.
Артем Новиков жана Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрмө жайында.

“Чек арадан өткөн автоунаалардын саны боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматын алалы, 82 машине Кыргызстанга жүк менен кириптир, силерде 19 болуп жатат”, - деди Новиков.

Новиков “Чалдыбар” өткөрмө жайына ишемби күнү барган. Ал аткарылбаган тапшырмалар үчүн айрым кызмат адамдарына тиешелүү чара көрүүнү буюрду. Жакынкы күндөрү өткөрмө пунктуна дагы келип, жаңы системанын иштешин текшере турганын эскертти.

30-ноябрда өкмөттө контрабандага байланыштуу жабык жыйын өттү. Азырынча чогулуштун жыйынтыгы жөнүндө маалымат айтыла элек.

Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Новиков бажыдагы жемкорлукту жоюу үчүн товарлардын толук эсебин камсыз кылуучу «Жыйынтыктоочу пост» аттуу бирдиктүү маалымат тутумун түзүүнү сунуштап жатат.

5-6-октябрдагы элдик толкундоодон кийин кызматынан кетүүгө мажбур болгон Сооронбай Жээнбеков бажы жана салык тармагындагы коррупцияны электрондук аппараттарды орнотуп, санариптештирүү аркылуу жоюуну убада кылган.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, жогорку жактын жемкорлукту жоюу аракети, тармактагы коррупциялашкан системанын каршылыгына туруштук бере албай жатат.

"Болгону төрт-беш өткөрмө бекет бар. Ошолорду жөнгө салып, ирээтке келтирели деген ишти аткарбай жаткандарды саботаж деп айтса болот. Үстүдө жакшы демилге көтөрүлөт, ортоңку жана жеринде тургандар баягы көнгөн адатын кылат. Өкмөт башчы барып ошону таап алса, жетекчилиги ар кайсыны сүйлөп жатат. Бул кадимки эле система болуп калган".

Ошентип, коомчулук өкмөттүн бажы тармагындагы аткезчиликти азайтуу аракетин талкуулашууда.

Эксперттер “Чалдыбар” өткөрмө жайындагы көрүнүш бардык чек ара бекеттеринде орун алганын белгилешет.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев жаңы келген бийликтин бул тармактагы солго кеткен акчаны казынага бурууга саясий эрки күчтүү болушу керек деди.

“Ал үчүн саясий эрк, чечкиндүүлүк керек. Пикирлеш адамдарына “келгиле ушуну жоелу, жойбосоң жазаланасың” деп ишти баштоо зарыл. Саакашвили күч түзүмдөрүнүн башчыларын үч жолу алмаштырган, алардын жакшы иштегенине чоң айлык коюп берген. Анан жолго салган. Прибалтиканы карагыла, баарын санариптештирди. Ошол жолго түшөлү”, - деди Молдалиев.

Молдалиев учурда бийликке ким келери белгисиз экенин айтып, бажыдагы жемкорлук менен күрөш жаңы мамлекет башчыга көз каранды экенин кошумчалады.

Акыркы жылдары өлкөдөгү бажы тармагындагы адистер, мурдагы кызматкерлер бажыда атайын бир топтун чөнтөгүнө иштеген система түптөлүп, миллион эмес, миллиарддаган сом казынага түшпөй жатканын айтып келет. Бир нече медианын иликтөөчү журналисттери дагы ал схемаларды ачып берген.

Казакстан Кыргызстандан аткезчилик менен ташылган товар тыйылбай жатканын ачык айтып, Евразия экономикалык биримдигинин жыйындарында бир нече жолу маселе көтөргөн.

Мунун айынан эки мамлекеттин мамилеси бузулган учурлар болгон. Буга чейин Кытай дагы Кыргызстан менен товар жүгүртүүдө чоң айырма бар экенин жарыяланган.

Саясий серепчи Руслан Акматбек Артем Новиков башында турган өкмөттүн бажыдагы аткезчиликти азайтуу аракетин шайлоо алдында саясий упай топтоо катары баалады. Ал жаңы бийлик келгенден бери бул багытта системалуу батыл реформаларга барбай жатканын айтты.

“Колхоздун башкармасындай болуп барып алып, эл билген көйгөйдү эле айтып келди. Бирок чечкиндүү, системалуу өзгөртүү жасабаса бул жоюлбайт. Мамлекеттик кызматкерлердин арасында “беш мүнөттүк уят болуу” деген эреже бар. Тил угат, ашып кетсе кызматтан алынат. Бирок система ошол бойдон кала берет. Бул эми Жээнбековдун “чык эшикке” ыкмасы” да", - деди Руслан Акматбек.

Кыргызстанда жыл башынан бери 9,2 млрд. сом бажы төлөмү чогулбай калды. Мекеме билдиргендей, он айга 30,9 млрд. сом топтоо планы коюлган. Мамлекеттик бажы кызматы мунун себебин коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы жабык болгону менен түшүндүрүп жатат.

Атайын кызмат анын кармалганын 20-октябрда кабарлап, Матраимов өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп жатканын билдирген.

Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп бере турганын билдирген.

6-октябрдагы саясий окуялардан кийинки жаңы бийлик журналисттик иликтөөлөрдө аты чыгып жүргөн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камаларын айткан.

19-ноябрдагы маалыматка ылайык, Матраимов азырынча 536,2 млн. сомду мамлекетке төктү. Анын бардык сумманын төгүү мөөнөтү 1-декабрда аяктайт. 30-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча комитет тергөөнүн жыйынтыгында коомчулукка териштирүү жөнүндө да, келтирилген зыян жана анын ордун толтуруу тууралуу да кеңири маалымат берилерин билдирди.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG