Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

Оштун мэрин жандаган спортчу кызматка келди


Бекдөөлөт Абакиров жана Таалайбек Сарыбашов. Ош шаары, 7-октябрь.
Бекдөөлөт Абакиров жана Таалайбек Сарыбашов. Ош шаары, 7-октябрь.

Ош шаарынын мэриясы 23-декабрда шаардык спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаевди жумуштан алып, анын ордуна Бекдөөлөт Абакировду убактылуу дайындады.

Абакиров октябрь айындагы Оштогу так талаш учурунда мэр Таалайбек Сарыбашовду жандап жүргөн. Анын кызматка келиши коомчулукта сынга алынып, Интернетте талкуу жаратты.

29 жаштагы Абакиров 2018-жылдан бери муниципалдык «Жапалак» автоунаа базарын жетектеп турган. Мэрия кабарлагандай, «ал спортту түшүнөт жана кылмыштуу топтор менен аралашкан эмес».

«Бул өзү да спортчу. Спорт комитетине бул тармакты түшүнгөндөр келет. Чуулуу, кылмыштуу иштерге тиешеси жок. Конкурс болсо өзү да, башка талапкерлер да катышат. Сынакты Мамлекеттик кадр кызматы өткөрөт, ага мэрия аралаша албайт», - деди Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Ош шаары, борбордук аянт.
Ош шаары, борбордук аянт.

Абакиров - күрөш боюнча спорт чебери, бир канча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү да болгон.

«Митингдерде жандап, суу ташып жүргөн»

Спорт комитетин спортчулар гана башкарыш керек деген пикирге Ош шаарынын тургуну, журналист Феруза Ашимбаева кошулбайт. Анын айтымында, муниципалдык мекемелерде уюштуруу жөндөмүнө карабай, мэрге жакын кишилер кызматка келип жатат.

«Кайсы гана жерге болбосун менежер адам келиши керек, - деди ал. - Бул бала автоунаа базарын өркүндөтүп жиберди дегенден такыр алысмын. Базардагылар кысым болгонун айтып жүрүшөт. Бул спорт тармагында жүргөнү үчүн адамдарга мамилени да башкача жасайт экен. Кечээги митингдерде жандап, суу ташып, суу берип жүргөнүн көрүп эле турдук. Менежер эмес, Сарыбашовду жандап жүргөндөр жетекчи болуп жатабы деген ой келет экен».

Ош шаары, бордук аянт, 7-октябрь.
Ош шаары, бордук аянт, 7-октябрь.

Мэриянын кызматкерлери Бекдөөлөт Абакиров өзү да спорт тармагын өнүктүрүш үчүн кызматка барды деп ынандырышууда. Коомдук тармактарда Сарыбашовдун тарапташтары 7-октябрь күнү митинг өткөрүп, мэрдин кызматын алып берген күнү Абакиров мэрди жандап, ага суу берип жүргөн сүрөттөрүн бөлүшүп талкууга алышты.

Спорт комитетин жетектей баштаган Абакиров «Азаттык» менен болгон маегинде митингге мэрди коргош үчүн эмес, шаардын тынчтыгы үчүн чыкканын айтты:

«Кызматка келишиме мэрди жандап жүргөнүмдүн тиешеси жок. Мэр менен жетекчи катары гана мамилем бар. Жеке мамилебиз жок. Ошол күнү мен эле эмес, шаардын тынчтыгына кайдыгер карабаган жаштардын баары эле чыкты».

Учурда Абакиров конкурска даярданып жатканын, автоунаа базарын жетектеп турган учурда анын казынага төккөн акчасы көбөйгөнүн кошумчалады.

Буга чейин спорт комитетинин жетекчиси катары иштеп келген Кылычбек Саркарбаевди аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен УКМК 17-декабрь күнү кармаган. УКМК анын уюшкан кылмыш тобу менен да байланышы бар экенин билдирген. Кийин соттун чечими менен эки айга камакка алынганы кабарланган.

Спортчуларга таянуу

Коомдук ишмер Абдыжапар Аккулов Ош шаарындагы спортчулардын мэриянын ишканаларына жетекчи болуп келишине саясий кырдаалдын туруксуздугу жана өткөөл учурларда кара күчкө таянуу менен көп нерсе чечилээри себеп болуп жатканын белгиледи:

«Саясий кырдаалдар командага күчтүү балдарды алып келгенге өбөлгө түздүбү деген ой келет. Мелис Мырзакматовдун тушунда деле айрым бир мекемелерде спортчулар жетекчи болгон. Мисалы, жакында эле Сарыбашовдун командасына келип кошулган Бекмырза Эргешов деген бар. Шайлообек Атазов да иштеп турду. Алар өзүнүн кызматын гана аткарбастан, саясатка да жигердүү катышканы эсибизде».

Парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда Бишкекте болгон нааразылык акциялары жапырт башаламандыкка айланган. Ал арада Ош шаарынын борбордук аянтында да бир нече күн бою митингге келгендердин аягы суубай турду.

«Душка» деген каймана ат менен таанымал Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун тарапташтары аны мэрияга алып кирип бара жатат. Ош шаары, борбордук аянт, 7-октябрь.
«Душка» деген каймана ат менен таанымал Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун тарапташтары аны мэрияга алып кирип бара жатат. Ош шаары, борбордук аянт, 7-октябрь.

7-октябрь күнү мэр Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары чогулуп, бир күн мурун кызмат ордун таштап чыгып кеткен мэрди кайрадан ордуна коюшкан.

Сарыбашов ага карата ишеним көрсөтпөө тууралуу шаардык кеңештин бир күн мурдагы чечимин мыйзамсыз деп эсептеген. Анын 6-октябрда кечке жуук кызматын тапшырганын басма сөз кызматы кабарлаган. Ошол эле күнү спорт чөйрөсүндө «Душка» деген каймана ат менен таанымал Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG