Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Саркарбаевдин унутулган чырлуу иши


Кылычбек Саркарбаевдин сыйлык алып жаткан учурлары.
Кылычбек Саркарбаевдин сыйлык алып жаткан учурлары.

Ош мэриясы ок атуу чырына байланыштуу кызматтан бошотулган спорт комитетинин мурдагы жетекчиси Кылычбек Саркарбаевди кайра жумушка алды. Мэрия Саркарбаев укук коргоо органдарынан «ок атууга аралашкан эмес» деген тастыктоочу кагаздарды алып келгенин билдирди.

Кызматына кайтып келген Саркарбаев дароо эле шайлоого аттанып, өргүүгө чыгып кеткени белгилүү болду. Ок атуу чыры менен кызматтан кеткен Саркарбаевди эмне үчүн мэрия жарым жылдан кийин кайра кызматка алды?

Окуяга катышканбы же жокпу?

Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы жетекчиси, ок атуу чырына байланыштуу кызматтан кеткен Кылычбек Саркарбаев мэр Таалайбек Сарыбашовдун буйругу менен 17-июлда кайра кызматына кайтып келди.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун түшүндүрмөсүнө караганда, аны кызматка алууга укук коргоо органдарынын «окуяга катышы жок» деген корутундусу негиз болгон.

«17-июлда «ээлеген кызмат орду калыбына келтирилсин» деген буйрук чыгып жатат. ИИМдин уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш кызматынын тергөө бөлүмүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы ишти өндүрүштөн кыскартуу жөнүндө токтомдору негиз болуп, кылмышка шектүү же кылмышка тиешеси бар дебегени үчүн ээлеген кызматы калыбына келтирилип жатат», - деди ал.

Кылычбек Саркарбаев эрежесиз эр урушта ийгиликке жеткени менен таанымал. Ош шаарында уюштурулган мушкерлердин сынактарына көмөк көрсөтүп келет.
Кылычбек Саркарбаев эрежесиз эр урушта ийгиликке жеткени менен таанымал. Ош шаарында уюштурулган мушкерлердин сынактарына көмөк көрсөтүп келет.

Спорт комитеттин башчысы Кылычбек Саркарбаевди кайра жумушка алып жаткан жергиликтүү бийликтин буйругунда сотко чейинки териштирүү иштери аяктаганы жазылган.

Ошол эле учурда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева тергөө иштери аягына чыга элек экендигин жана окуяга Саркарбаевдин тиешеси бар-жогу азырынча белгисиз экенин айтты:

«Аталган факт боюнча материал учурунда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жазык кодексинин 138-беренеси («Денеге оор зыян келтирүү») менен сотко чейинки териштирүү учурунда башталган. Ушу тапта тергөө иштери жүрүп жатат. Саркарбаевдин тиешелүү же тиешелүү эместиги жөнүндө кошумча маалымат беребиз».

Ошентип, эки мекеменин берген маалыматтары кайчылашып, бири иштин кыскарганын билдирсе, экинчиси тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлоодо.

Юрист Максатбек Жорокулов мэриянын буйругу туура эмес жазылган деп болжолдойт. Анткени «окуяга тиешеси бар» деп айтылган Саркарбаев башынан эле шектүү катары суракка чакырылган эмес.

«Кабарлама берилгенден кийин гана анын статусу белгилүү болот, - деди ал. - Арыздануучу айтканы менен аны тастыктап, кабарлоо бергенге ылайыктуу далил тапканга чейин тергөөчү эч кимди шектүү же айыптуу деп айта албайт. Менин билишимче Саркарбаевге карата «шектүү» деген кабарлама берилген эмес. Мэриянын «иш аяктагандыгы үчүн» деген негиздемеси туура эмес. Анын айыбы тастыктала элек. Ошол үчүн ишке алдык деп айтса да туура болмок».

Кылычбек Саркарбаев жана Төлөгөн Рахманберди уулу. Экөө тең EREM спорт клубунда машыгып келген.
Кылычбек Саркарбаев жана Төлөгөн Рахманберди уулу. Экөө тең EREM спорт клубунда машыгып келген.

Кылычбек Саркарбаев 17-февралда Ош шаардык мэриясына караштуу Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалыгынан ок атуу чырына байланыштуу кеткен. Кызматтан кетишине милициянын мурдагы кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулунун 14-февралдагы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганы себеп болгон. Ал кайрылууда Саркарбаев аны бутуна атканын айткан.

Спортчу президентке кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:56 0:00

«Кылыч Саркарбаев автомат менен бутума атып, анда да ооруканага жатып, Мунарбек Раимбеков менен Кылыч Саркарбаев келип, башыма тапанча такап, коркутушуп, «каматабыз, арыз жазсаң өлтүрөбүз» дегенинен жазган жокмун» , — деген Төлөгөн Рахманберди уулу.

Министрди Ошко жеткирген кайрылуулар

Төлөгөн Рахманберди уулунун «Саркарбаев жана бир топ балдар ок атты, Матраимовдор кысым көрсөттү» деген кайрылуусунан көп өтпөй, тасманы Интернетке жарыялаган мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсанов, алардын жакындары, айылдаштары да видеокайрылууларды таратышкан.

Көп өтпөй 19-февраль күнү ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ошко келип, Рахманберди уулунун айылдаштары менен жолуккан.

Жунушалиев тергөө калыс жүрөрүн белгилеп, «эч кимдин эч кандай статусуна, байланыштарына, туугандык мамилелерине карабайбыз» деп убада берген.

Рахманберди уулу менен Кимсанов чет өлкөдө экени айтылган. Кийин февраль айынын аягында Кимсанов Санкт-Петербург шаарынан кармалган. Учурда Кимсанов абакта.

Шаардык бийлик Кылыч Саркарбаевди кесиптик кызыкчылыктан улам гана кайра ишке алышканын айтып жатат. Ошол эле кезде мэриядан жумушка жаңы гана кайтып келген Саркарбаев Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниетин билдирип, 20-августтан 6-октябрга чейин өргүүгө чыгып кеткенин кошумчалады. Ал кайсы партия менен шайлоого аттанганын тактоого мүмкүнчүлүк болгон жок.

Кылычбек Саркарбаев жана ал «бутума атты» деп кайрылуу жасаган Төлөгөн Рахманберди уулу.
Кылычбек Саркарбаев жана ал «бутума атты» деп кайрылуу жасаган Төлөгөн Рахманберди уулу.

Кыргыз өкмөтүндөгү шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы, вице-премьер Акрам Мадумаров Саркарбаевдин кызматка кайтып келишине байланыштуу суроого мындайча жооп берди:

«Моралдык жактан сөзсүз түрдө бийликке көлөкө түшүп же коомчулукта маселе болушу мүмкүн. Эгер мыйзам боюнча соттуулугу жок же соттун чечими менен акталган болсо, аны «шайлоого бара албайсың» деп айта албайбыз. Экинчи тараптан «адам укугу» деп көп ураан кылабыз. Анын негизинде жол берилип жатат. Негизи мындай терс көрүнүштөр шайлоо мезгилинде гана эмес, башка учурда дагы болбошу керек. Ошондо гана элдин бийликке ишеними жогорулайт».

Саркарбаевдин «Женго» жана Матраимовдор менен байланышы

Кылыч Саркарбаевдин ысымы ок атуу чырына чейин эле Интернет басылмаларына байма-бай чыгып келген.

Маселен, 2019-жылдын сентябрь айында Интернетте «Женго» каймана аты менен таанымал кылмыштуу топтун мүчөсү катары айтылып жүргөн Кадыр Досонов менен Кылычбек Саркарбаевдин жанаша басып келаткан видеосу тараган.

Кийин ал тасма 2015-жылы Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайында тартылганы болжолдонгон.

Кылычбек Саркарбаев Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык EREM спорт клубунда машыгып келет. Ушундан улам ал мурдагы бажычы Раимбек Матраимовдун жакын кишиси катары сыпатталат. Саркарбаев буга чейин «Азаттыктагы» маегинде: «Ал кишини таныйм, кимдер гана тааныбайт. Аны спортко колдоо көрсөткөн, демөөрчү болгон киши катары тааныйм», - деп айткан.

Кылычбек Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарып келет. Жогорудагыдай чуулуу иштерде аты аталганына карабай Ош мэриясы 2019-жылы жаңы жылдык кечеде Саркарбаевге «Эң мыкты жаш жетекчи» деген наам ыйгарган. 31-август - Эгемендүүлүк майрамында коронавирус менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн мактоо баракчасын да тапшырган.

«Кара» күчкө таянган бийликтин карааны

Талдоочулар Ош шаарында криминалдык чөйрө менен байланышы бар же спорт чөйрөсүндө таасири бар кишилер бийлик бутактарына иштеп турганы кадимки көрүнүш болуп калганын эскертип келишет.

Активист Акылай Каримова шаардык бийлик таасирин жоготпош үчүн мындай кишилерди атайын кызматка алат деген пикирде.

«Бул окуяны карап көрсөк бир жагынан абсурд, бир жагынан эч нерсеси менен таң калтырбайт, - деди ал. - Мындай окуялар мурун деле болуп келген. Мисалы, кримавторитеттерди вице-мэр кылган учурлар болгон. Кара, орой күчкө болгон талап ар дайым бар эле. Мындан ары да боло берет. Мен да ушундан чочулап турам. Көпчүлүк адамдарга салыштырганда криминал менен байланышы барларга ишеним көбүрөөк болот. Анткени алардын коомчулукта таасири көп, анын үстүнө жергиликтүү бийлик үчүн бул таасир өтө зарыл. Жакында өтүүчү шайлоо иштерине, кандайдыр бир саясий иштерге колдонушат. Мындай көрүнүштөр буга чейин деле болуп келген».

Каримова бийликтин мындай кадамдары элдин кыжырын кайнатарын жана жарандык коом менен шаардыктарды сыйлабаганын билдирерин кошумчалады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG