Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:07

Ош шаарынын мэриясы Кылычбек Саркарбаевди ишке кайра алды


Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Саркарбаевге «эң мыкты жаш жетекчи» деген наам ыйгарып жаткан учуру. 27-декабрь, 2019-жыл, Ош шаары.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Саркарбаевге «эң мыкты жаш жетекчи» деген наам ыйгарып жаткан учуру. 27-декабрь, 2019-жыл, Ош шаары.

Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы жетекчиси Кылычбек Саркарбаевди мэрия кайрадан жумушка алды. Маалыматты мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров тастыктап, анын ишке кайтып келгенине бир айга чукулдаганын айтты:

«Тиешелүү кызматтардан «окуяга катышы жок» деген кагаздарын алып келди. Анан кайра кызматка дайындалып, өргүүгө чыгып кетти. Мэрия түзгөн комиссия укук коргоо органдарына таянды. Алар муну (Саркарбаевди) күнөөлүү деп тапкан жок».

Абсаттаров спорт комитеттин жетекчиси өргүүгө шайлоого катышуу үчүн чыгып кеткенин кошумчалады.

Кылычбек Саркарбаев 17-февралда өзүнүн арызынын негизинде шаардык спорт комитетинин жетекчилигинен четтетилген. Кызматынан кетишине милициянын мурдагы кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулунун 14-февралдагы президент Сооронбай Жээнбековдун атына кайрылганы себеп болгон. Ал кайрылууда Саркарбаев аны бутка атканын айткан.

Ош облустук милициясы «Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери «Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан.

Кылыч Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарып келет. Жогорудагыдай чуулуу иштерде аты аталганына карабай Ош мэриясы 2019-жылы жаңы жылдык кечеде Саркарбаевге «эң мыкты жаш жетекчи» деген наам ыйгарган. (DU)

XS
SM
MD
LG