Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:22

Кылычбек Саркарбаев кызматтан убактылуу четтетилди (видео)


Таалайбек Сарыбашов (Оштун мэри), Кылыч Саркарбаев жана Жапар Ормонов (Ош шаардык кеңешинин төрагасы).
Таалайбек Сарыбашов (Оштун мэри), Кылыч Саркарбаев жана Жапар Ормонов (Ош шаардык кеңешинин төрагасы).

Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев өзү жазган арызынын негизинде кызматтан убактылуу четтетилди. Бул маалыматты Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров ырастады.

«Укук коргоо органдары Кылычбек Саркарбаевге каршы кайрылуу боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ошого байланыштуу чечим кабыл алынат. Ал эми кызматтан убактылуу кеткени чын», - деди ал.

14-февралда спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке видео кайрылуусу жарыяланды. Анда ал Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айткан. Рахманберди уулу «бул тууралуу ооз ачсаң сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз» деп коркутушканын билдирген. Нурбек Раимбеков кылмышка шектүү катары камалгандардын бири, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иниси.

Ал эми Саркарбаев спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке кайрылуусунда бирөөнүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн экенин билдирген.

Ички иштер министрлиги Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке жиберген видео кайрылуусуна байланыштуу 15-февралда иликтөө баштаган. Милиция Рахманберди уулу кайрылуусунда айткан маселе боюнча ал мурда бир канча жолу суракка келгенин, бирок өзү ошол фактыны четке какканын кабарлады. (BTo)

XS
SM
MD
LG