Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

Ош: Кең-Сай конушундагы коррупциянын карааны


Кең-Сай конушунда жер бөлүштүрүү учуру. 2012-жыл.
Кең-Сай конушунда жер бөлүштүрүү учуру. 2012-жыл.

Ошто мамлекетке 73 миллион сом зыян келтирген факт аныкталды.

Кең-Сай конушундагы кымырылган акча боюнча буга чейинки да эки иш териштирилип жатат.

4-декабрь күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Ош шаарында мамлекеттик бюджеттен 73 миллион сомду кымырып алган деп шек саналган кызматкерлердин үстүнөн тергөө уланып жатканын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кең-Сай конушун электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча курулуш ишин жүргүзүүдө 10 миллион сомдук эки трансформатордун баасы 82 миллион сом деп көрсөтүлгөн.

Кең-Сай конушундагы трансформаторлор.
Кең-Сай конушундагы трансформаторлор.

Ош облустук Капитал курулуш башкармалыгы Кең-Сай конушун электр энергиясы менен камсыздоо үчүн бир компания менен 200 млн. сомго келишим түзгөн. Ал компания 82 млн. сомго эки трансформатор алып келүү үчүн башка ишкананы жалдаган. Бирок иш жүзүндө сатып алынган трансформаторлордун наркы 10 млн. сомду түзгөн.

Бул ишке тиешеси бар ишкана буга чейин жол курууда 13 миллион сомдук курулуш иштерин аткарбай койгону үчүн жетекчиси камакка алынганы белгилүү болгон.

Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Эшпаев «Азаттыкка» берген маегинде алардын ишкана бул иште жабырлануучу экенин жана коррупциялык иштерге аралашуусу жөнүндө комментарий бере албай турганын билдирди.

«"Кымырып алды, жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык иштерге барды" деген айыптар тергөөдө аныкталат. Ал боюнча мен бир нерсе деп айта албайм. Бул мен кызматка келе электе болгон иштер».

«Бийлик аралашканбы?»

Кең-Сай конушунун жарымы шаарга, жарымы облустун курамына киргизилип экиге бөлүнгөн. Ага шарт түзүү үчүн ошол кездеги Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү дирекциядан, облустук Капитал курулуш башкармалыгынан каражат бөлүнгөн.

Ош шаарынын мэри Таалайбей Сарыбашов менен ишкер Нурбек Осмонов Кең-Сай массивинде. 2020-жыл.
Ош шаарынын мэри Таалайбей Сарыбашов менен ишкер Нурбек Осмонов Кең-Сай массивинде. 2020-жыл.

Курулуш иштери 2011-жылы Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп турган учурда башталган.

Коомдук ишмер жана эксперт Абдыжапар Аккулов бөлүнгөн акчанын кандай жумшалганына ошол учурдагы бийлик түздөн-түз таасир этип, аралашып турган деген пикирде.

«Бийликтин адамдары — губернатор болобу, мэр болобу жер-жерлерде өзү каалагандай калчап калган учурлар болду. Кимди аткаруучу кылып алат, тендерден кимге уттурат, кимге буйрутма берет - булардын баарын өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген жетекчилердин айынан деп эле айтам. Албетте кандай кана тендер болбосун, аны коррупциялык схемалар менен утуп алуу, каражат табуу мүмкүнчүлүгү бар экенин түшүнүп эле калдык».

Жергиликтүү бийлик 2010-жылы жер басып алууларды токтотуу үчүн Кең-Сай массивинен жер тилкелерин элге берүүнү чечкен. Жалпысынан 10 миңден ашуун адамга жер бөлүнүп берилген. Конуштагы шарттарды түзүү үчүн 10 миллиард сом каражат кетери айтылган. Анын ичинен 1 миллиард сомго жакын акча бөлүнүп, ал да максаттуу пайдаланылбай калган.

Коррупциялык иштердин чети

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Кең-Сай массиви боюнча видео-иликтөө жасап, ал жерге бөлүнгөн акча кумга сиңгендей жоголуп, суу, светтин жоктугунан «кумурска, кескелдириктен башка эч ким жашабайт» деп баяндаган.

Ыдырыс Исаковдун видео-иликтөөсүнөн алынган сүрөт.
Ыдырыс Исаковдун видео-иликтөөсүнөн алынган сүрөт.

Исаковдун айтуусунда, ал иликтөөдө айткан фактылар айсбергдин чокусу сымал, коррупциялык иштердин бир чети эле.

«Толугураак иликтей турган болсок, ал жерде светтен башка жол, суу деген да маселелер бар. Ошолор боюнча да дал ушундай эле шалаакылыктар болгон. Акчаны алаарын алышып, бирок аны ошол жерге толук, эффективдүү жумшашкан эмес. Ошондуктан бул али көп иликтенет, көп былыктардын башы чыгат».

Ал арада миңдеген жашоочулар Кең-Сай конушунан жер алып, Кызыл китебин жасап, суу, свет барса үй салабыз деп үмүт артып жүрүшөт. Атын атагысы келбеген тургун бир нече жыл мурун алынган жери ушуга чейин бош турганын айтты.

«Суу кирсе пайдубал салып, үй куралы деген ойлор бар. Бизге окшогон карапайым адамдар өз күчүбүз менен суу, цемент алып барып эптеп үй салабыз. Жеп алыптыр дегенин укканда мен үчүн эч кандай жаңылык деле болгон жок».

Кең-Сай конушу.
Кең-Сай конушу.

Кылмышка шектелип жаткан тарап азырынча маалымат бере элек. Финансы полициясы бул ишке тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо уланып жатканын билдирди.

Буга чейин Финполиция ушул эле Кең-Сай конушунда жол курууда 13 миллион сомдук курулуш иштери аткарылбай калганын кабарлаган.

Мурдараак, Ош шаардык прокуратурасы «Кыргыз Текстил ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштаган. Бирок мэрия жана жерди сатып алган ишкер Нурбек Осмонов кылмыш ишин козгоого негиз жок экенин айтып чыгышкан.

Ушуну менен күч түзүмдөрү Кең-Сай конушуна байланыштуу үчүнчү ишти териштирип жатат.

XS
SM
MD
LG