Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:10

Оштогу так талаштар


Ош шаарынын мэриясына кирүүгө аракет кылган Дүйшөн Төрөкуловдун тарапташтары менен милициянын тиреши. 7-октябрь, 2020-жыл.
Ош шаарынын мэриясына кирүүгө аракет кылган Дүйшөн Төрөкуловдун тарапташтары менен милициянын тиреши. 7-октябрь, 2020-жыл.

8-октябрда Ош шаарында мэр Таалайбек Сарыбашовдун колдоочулары жана президент Сооронбай Жээнбековдун тарапкерлери чогулду. Аянтка төрт боз үй тигилип, тынчтык митингдери болду. Шаардык жана облустук бийлик штаттык режимде иштеп жатканын расмий билдирди.

Ош шаарынын борбордук аянтына 8-октябрь күнү 400гө чукул киши бир даары мэр Таалайбек Сарыбашовду, дагы башкалары Сооронбай Жээнбековду колдоп митинг өткөрүштү. Алардын арасында бир нече атчандар да жүрдү.

Шаардагы аянтта үч күндөн бери митингдер уюштурулуп, анын мазмуну далай ирет өзгөрдү.

7-октябрда мэр Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары чогулуп, кызмат ордун таштап чыгып кеткен мэрди кайрадан ордуна коюшту.

Таалайбек Сарыбашов аны кызматка кайра коюу үчүн уюштурулган митингде сүйлөп жатат.
Таалайбек Сарыбашов аны кызматка кайра коюу үчүн уюштурулган митингде сүйлөп жатат.

«Мен шайланган, мыйзамдуу мэрмин. Жаңы шаардык кеңештин депутаттары келип, жаңы мэр шайланганга чейин укуктуу мэр болуп турам. Баш мыйзамдын негизинде иштеп жатам. Мен шаар башчысы катары мамлекеттик органдарга талапты коюп, чукул жыйналыш өткөрөм. Коомсуздукту коргоо органдары тартипти көзөмөлгө алат», — деди Сарыбашов.

Сарыбашов ага карата ишеним көрсөтпөө тууралуу шаардык кеңештин бир күн мурдагы чечимин мыйзамсыз деп эсептеди. Анын 6-октябрда кечке жуук кызматтын тапшырганын басма сөз кызматы кабарлаган. Ошол эле күнү спорт чөйрөсүндө «Душка» деген каймана ат менен таанымал Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган.

«Душканын» дымагы

Кечээ Таалайбек Сарыбашовду колдоого чогулган эл мэрди кабинетине киргизип отургузгандан кийин, митингге мэр менен кошо Төрөкулов да чыгып сөз сүйлөп шаар башчысы болууга кызыкчылыгы жок экенин, эл аны губернаторлукка көрсөтсө баш тартпай турганын айткан. Көп өтпөй өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн интервью берип, туруктуулукту сакташ үчүн кызматташарын билдирди:

«Мен чыгып эле «эл мени дайындады, бошотуп коюңуз» десем - анда креслонун эле маселеси болуп калат. Байыш Юсупов менен чогуу координация кылдык. Кандай кана маанилүү иштер болбосун чогулуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз, келишебиз, элге арачы болобуз деп чечиштик».

Дүйшөн Төрөкуловду «губернатор кылабыз» деп тарапташтары алып келе жаткан учур. 7-октябрь, 2020-жыл.
Дүйшөн Төрөкуловду «губернатор кылабыз» деп тарапташтары алып келе жаткан учур. 7-октябрь, 2020-жыл.

Өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн кызматына каршы эмес экенин билдиргендерден Төрөкулов жалгыз эмес. Эки күн мурун Төлөгөн Келдибаев, ага удаа эле Калмамат Анапияев өздөрүн губернатор деп жарыялашкан.

Кечээ өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов кайтып келип, облустагы мамлекеттик мекеме-ишканалар штаттык режимде иштеп жатканын кабарлады:

«Революционербиз же дагы башка наамды айтып кирип отуруп алып мыйзам алкагынан чыгып кеттик. Ошондуктан бүгүн акимдер кайтып келип иштеп жатат. Бир гана Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов менен байланыша албай жатабыз. Ар кайсы жерди басып алгандар менен сүйлөшүп туруп, мыйзам алкагына кайтарышыбыз керек».

«Коомдук коопсуздук көзөмөлдө»

Ал арада «WhatsАpp» аркылуу ар кандай чагымчылдыкка үндөгөн маалыматтар таратылууда. Шаардык милиция мындай маалыматтарды тараткан кишини атайын кызмат менен бирге издеп жатат.

Ош шаарынын борбордук аянты. 6-октябрь, 2020-жыл.
Ош шаарынын борбордук аянты. 6-октябрь, 2020-жыл.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков калаадагы абалды туруктуу деп баалап, милиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын маалымдады:

«Кимдир-бирөөнүн жеке мүлкүнө кол салып, бийлигин тартып алайын деген күчтөр жок. Бир саамга да элди таштаган жокпуз. Кандай гана учурлар болбосун биз иштегенге, элдин коопсуздугун сактаганга даярбыз. Бардык кызматкерлер өз иш ордунда».

Оштогу кырдаал Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө экенин коомдук уюмдардын 8-октябрда өткөн жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев билдирди. Ал улут аралык кагылышууга жол берилбей турганын айтты:

«Бүгүнкү күндө биз кагылышууларга жол бербейбиз. Түштүктө бүт бардык түзүмдөр иштеп жатышат. Биринчи күндөрү «басып алабыз, милицияны, УКМКны которобуз» дегендер болгон. Биз ага жол берген жокпуз. Мамлекеттик чек ара кызматы, Коргоо министрлиги - баары иштеп жатат. Жалган маалыматтар аябай көп болуп жатат».

Мырзакматовдун кайтып келиши

Ал арада мурдагы мэр Мелис Мырзакматов 7-октябрга караган түнү Ош шаарынын аэропортуна конуп, башкы аянтта аны тосуп алган миңдеген тарапкерине кайрылып, сөз сүйлөдү.

Ал «Кыргызстан азыр өтө опурталдуу кырдаалда турат, өлкөнү бөлүп-жарып, жарандык урушту баштоого кызыккан күчтөргө каршы туруп, улуттук биримдикти сактап калышыбыз керек» деди.

Мелис Мырзакматов 7-октябрга караган түнү түнкү саат бирден өтүп келди.
Мелис Мырзакматов 7-октябрга караган түнү түнкү саат бирден өтүп келди.

Алты жылдан кийин кайтып келген Мырзакматовдун аракетинин бүдөмүк жагдайлары бар экенин коомдук тармактардын айрым колдонуучулары жазып чыгышты.

Маселен, аны аэропорттон Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык EREM спорт клубунда машыккан Кылыч Саркарбаевди коштоп келгенин жазышты. Мырзакматов озү да бир топ саясатчылар менен сүйлөшкөнүн, алардын ичинен Асылбек Жээнбеков жана Искендер Матраимовдор менен жолукканын тастыктады.

«"Спортсмендериңди чыгарба, мыйзам алкагына түшөлү. Сен уурусуңбу, кескисиңби прокуратура тергеп алат. Ага чейин мыйзамды бузбайлы" деп сүйлөштүк. "Макул, жөн отурайын" деп колдоп берди. Баары менен сүйлөшүп жатабыз», - деди Мырзакматов 8-октябрда журналисттерге.

Ош шаарынын мурдагы мэрине 2014-жылы кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган жана сыртынан жети жылга соттолгон. Мырзакматов кылмыш ишин «саясий куугунтук» катары баалаган.

Экс-мэрдин «Улуттар биримдиги» партиясы 2015-жылкы парламенттик шайлоодо «Ата Мекенди» ачык колдоп, Мырзакматов партиянын тизмесинде үчүнчү болуп турган. Тизмеге «Улуттар биримдигинин» 40 мүчөсү кошулуп, алардын ичинен Искендер Гаипкулов парламентке 2017-жылы партия лидери Өмүрбек Текебаевдин ордуна келген.

XS
SM
MD
LG