Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Шадиевдин мүлкү кайра талкууга түштү


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган мурунку биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жакындары анын камактагы мүлкүн чыгарууга аракет кылып жатышканы белгилүү болду.

Эки жыл мурун кылмыш иши козголгон соң өлкөдөн чыгып кетип, кийин 10 жылга сыртынан кесилген мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев кайрадан талкууга түштү. Бул ирет анын жакындарына катталган мүлктү Бишкектин Биринчи май райондук соту камактан чыгарганын жергиликтүү медиа каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, саясатчынын кызына катталган бир нече мүлктү төмөнкү инстанциядагы сот камактан чыгарган. Мындай маалыматты Биринчи май райондук соту тактаган жок. Аталган органдын өкүлдөрү «Азаттык» радиосунун өтүнүчүн жоопсуз калтырышты. Бирок Бишкек шаардык соту Шадиевдин жакындарына катталган мүлктү камактан чыгаруу боюнча үч иш анын карамагына келип түшкөнүн ырастады.

Шаардык соттун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынованын айтымында, Шадиевдердин үй-бүлөсүнө таандык айрым мүлк обьектилерин камактан чыгарган райондук соттун чечимине каршы прокуратура арыз менен кайрылган.

«Биздин соттун өндүрүшүндө үч иш бар экен. Үчөө тең Шадиевдин мүлк иштерине байланыштуу болууда. Бул иштерге Башкы прокуратуранын сунуштамасы себеп болуптур», - деди ал.

Жаасынованын айтымында, бул иштер шаардык сотто 11, 18 жана 20-февралда каралат.

Шаардык соттун өкүлү райондук сот камактан чыгарган кайсы мүлк экенин ачык айткан жок. Мүлктүн тизмеси арызды сотто кароо маалында жарыяланышы керек.

Былтыр Аскарбек Шадиевдин кызы Саадаттын «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу жайындагы өзүнө таандык үлүштү камактан чыгаруу боюнча арызын Биринчи май райондук соту канааттандырган. Бирок кийин Бишкек шаардык соту аны четке каккан.

Аскарбек Шадиев өзү же анын жакындары камакка коюлган мүлк тууралуу комментарий бере элек. Шадиевдин Кыргызстандагы үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. «Азаттык» анын жакындарына да өз жүйөсүн айтышы үчүн микрофон сунууга даяр.

Коомчулукта оор кылмыш үчүн айыпталып, өлкөдөн иш жашырган саясатчынын мүлкүнүн камактан чыгарылышы талкуу жаратты. Анткени, соттун мындай чечими бир апта мурун Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков сот менен прокуратураны катуу сынга алган учурга туш келди. Анда президент бул органдар коомдо резонанс жараткан иштер боюнча мыйзамсыз чечимдерге көз жуумп жатканына ачууланган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Алмамбет Шыкмаматов Шадиевдерге таандык мүлк боюнча сот чечими президенттин буга чейинки айткандарына каршы келерин белгиледи:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Аскарбек Шадиевге иш козголор алдында өзүнө таандык мүлктү жакындарына, башка адамдарга каттатып койгонго жетишкен деген маалыматтар бар. Ал андан соң өлкөдөн чыгып, из жашырып кеткен. Ал эми андай адамдар эч качан өзүнө мүлктү каттатпайт. Мисалы, кызынын мүлкү деп жатышат. Жаш кыз мындай байлыкты кайдан тапмак эле? Ток этер жерин айтканда, президент бир жума мурун эле сотторго «кылгылыкты кылып коюп, былтыйып отурасыңар» деп айтты эле, ат тезегин кургатпай соттор кайра өлкө башчысын уят кылышты. Бул жерде чоң акча аралашкан деген ойдомун».

Ошол эле кезде соттун ар бир чечимин саясатташтырбай, мыйзамдын чегинде караш керек деген пикирлер бар. Парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов талаштуу иштер боюнча соттун жүрүшүн карап чыгыш керек деген пикирде. Бирок депутат сөз болуп жаткан мүлктүн кимге таандык экенин да жакшылап териштирүү зарыл экенин кошумчалады:

Улугбек Ормонов.
Улугбек Ормонов.

«Мен да бул иш жөнүндө маалымат каражаттарынан бүгүн эле окудум. Соттордун ушундай резонанстуу иштерди кароодо коркпой талаштуу чечим чыгарганы таң калтырат. Бирок кээде биздин укук коргоо органдары мүлктү камакка коюуда териштирбей туруп, баласынын, атасынын, таанышынын мүлкүн да камакка коюп салып жатат. Бул жерде жакшылап териштириш керек».

Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты, экс-вице-премьер-министр, 51 жаштагы Аскарбек Шадиев 2018-жылы Кыргызстандан чыгып кетип, ага издөө жарыяланган.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон.

Бул кылмыш иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны сыртынан 10 жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары, ага «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган.

Аскарбек Шадиев четте жүрүп бир ирет билдирүү таратып, өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин айткан болчу.

Буга чейин Башкы прокуратура кылмышкерди экстрадициялоо боюнча АКШ менен Кыргызстандын ортосунда укуктук-келишимдик база жок болгондуктан Шадиевди кайтарып келүү маселеси көтөрүлбөгөнүн кабарлаган эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG