Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Шадиевдин мүлк маселеси кайра козголду


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Сыртынан 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жакындары анын камактагы мүлкүн чыгарууга аракет кыла башташты.

Биринчи май райондук соту издөөдө жүргөн Аскарбек Шадиевдин кызы Саадат Шадиеванын буга байланыштуу «Карвен Четыре Сезона» эс алуу жайы боюнча доо арызын карап, канааттандырып берген. Жакында бул чечимди шаардык сот кайра жокко чыгарды.

Шадиевдин камактагы мүлкүнө байланыштуу иш Бишкек шаардык сотунда 17-сентябрда каралган. Анда райондук соттун чечими жокко чыгарылып, иш өндүрүштөн алынды. Тактап айтканда Шадиевге таандык деген мүлк камакта калды. Бул маалыматты «Азаттыкка» шаардык соттун өкүлдөрү ырасташты. Сот буга чейин камакка алынган мүлктүн тизмесин жарыялап, жогоруда аталган эс алуу жайынын 33,3% үлүшү Шадиевге таандык экенин жарыялаган.

VB.KG маалымат агенттиги Саадат Шадиева Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын мурдагы депутаты, экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин кызы экенин жазып чыкты. Ал сайтта Шадиевдин кызы камакка коюлган мүлктү чыгарууга аракет кылып жатканы белгиленген.


Буга чейин эле тар чөйрөдө «Шадиевдин жакындары анын мүлкүн камактан чыгарууга аракет кылып жатыптыр» деген сөздөр айтылып келген. Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Шадиевдин өзү да кармалбагандан кийин анын мүлкүн тымызын камактан чыгаруу фактылары далилденсе коррупцияга каршы күрөшкө шек жаратат деп эсептейт.

- Мүлк маселеси өтө опурталдуу, - деди депутат. - Шадиевдин мүлкүнө тиешеси бар деген туугандары, мурдагы бизнес өнөктөштөрү аны камактан чыгарып кетүүгө колдон келишинче аракет кылышат. Бирок мамлекеттик институттар катуу позициясын көрсөтүшү керек. Эгер четинен мүлкүн ар кандай шылтоо менен таратып жиберсе коррупция менен күрөшүү аракетине шек шаратып коёт. Эл ушул убакка чейин «Ал кандайча өлкөдөн чыгып кеткен? Ага кимдир-бирөөлөр жардам берди го» деп шектенүүсүн токтото элек. Соттун ишин далилдеш керек, бирок судьянын да кызыкчылыгы болгон деп ойлойм.

Башкы прокуратура былтыр апрелде Шадиевге «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, экинчи кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча козголгон. Мындан тышкары, ага «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган.

2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук сотунун чечими менен Шадиев сыртынан 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилип, мүлкү мамлекетке чегерилген. Кийин анын мүлкүнүн тизмеси жарыяланып, жалпы суммасы 1,8 млрд. сомду түзөрү кабарланган.

Буга чейин УКМКнын мурдагы башчысы Идрис Кадыркулов Шадиев кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгып кеткенге чейин мүлкүнүн бир топ бөлүгүн сатканга үлгүргөнүн айткан.


Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов тергөөчүлөр мүлк маселесин терең иликтебей, сотко арта салган учурлар көп деп эсептейт. Анын пикиринде, кылмыш иштеринин алкагында камакка коюлган мүлк боюнча талаш жагдайлар сотто көп кездешет. Далилдер жетиштүү болсо мүлк камактан чыгарылган учурлар да жок эмес.

- Мүлк маселеси дайыма талаштуу болуп келген, - деди ал. - Тергөө органдарында аркы-беркисине көп үңүлүп киришпейт. «Болду-болбоду ушунуку же аялыныкы, мунун энеси, таякеси, жээни» деп салып коё берет. Бул эмне болсо да сотто чечилет, «ушул беренелерди коё берели, ашыкчасын сот чыгарып салат» деп. Илгертен эле келаткан, ачык айтылбаган позициялар.

Аскарбек Шадиев былтыр апрелде Кыргызстандан чыгып кетип, эл аралык издөөгө алынган. Анын иши боюнча соттук териштирүү айыпталуучунун катышуусуз өткөн. Адвокат Учкун Каримов анын мүлкү тууралуу маалыматы жок экенин, бирок туугандары менен акылдашкандан кийин соттун чечимине карата жогорку инстанцияга кайрылышы ыктымал экенин билдирди.

Аскарбек Шадиевдин өзү жана анын жакындары камакка коюлган мүлк тууралуу комментарий бере элек. Шадиевдин Кыргызстандагы үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. «Азаттык» анын жакындарына да өз жүйөсүн айтышы үчүн микрофон сунууга даяр.

УКМК Аскарбек Шадиевдин Тажикстан аркылуу АКШга чыгып кеткенин эки айдан кийин ырастаган. Бирок аны издөө иштери жана аны Кыргызстанга алып келүү боюнча кандай иштер жүрүп жатканы белгисиз. Атайын кызмат жана Башкы прокуратура аны экстрадициялоо аракеттери тууралуу эмгиче маалымат бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы Шадиевди депутаттык мандаттан 2-ноябрда ажыраткан. Ал мүчө болгон «Бир Бол» фракциясынын өкүлдөрү Шадиев менен ал өлкөдөн чыгып кеткенден бери байланыша элек экенин айтып жатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG