Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:13

Sapat Center бизнес-борбору мамлекетке өткөрүлдү


Мамлекеттик мүлк фонду Бишкектин Манас көчөсүндө жайгашкан Sapat Center бизнес-борборунун имаратын өкмөткө өткөрдү. Бул боюнча тийиштүү материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгына берилгенин аталган фонддон билдиришти.

Sapat Center бизнес-борбору Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына таандык. 21-апрелде күч кызматкерлери имаратты курчоого алган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын өкүлү Нурлан Мамытов имаратты мамлекетке өткөрүү иши жүрүп жатканын "Азаттык" радиосуна билдирген.

Нариман Түлеев баш болгон элүүдөй адам буга уруксат берген документ көрсөтүлбөгөнүн айтып нааразы болуп жатышат. Бизнес-борбордо негизинен ижарачылар иштешет. Эч ким имаратка киргизилбей жатат. Тартип сакчылары бул кадам мыйзамдуу экенин белгилешүүдө.

Аталган мүлк Нариман Түлеевге жана анын жакындарына таандык экени аныкталып, мамлекеттин эсебине чегерилгени быйыл февралда расмий кабарланган.

2012-жылдын августунда Түлеевге мамлекеттик каражатты жымырып алган деген айып тагылган. Ал камакка алынып, 2016-жылдын 7-майында бошотулган. (SE)

XS
SM
MD
LG