Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

«Азаттык»: Уурулар коркутуп, коомчулук колдоп турду


Бишкектин борбордук аянтындагы «#REакция» митингинин катышуучулары, 25-ноябрь, 2019-жыл.
Бишкектин борбордук аянтындагы «#REакция» митингинин катышуучулары, 25-ноябрь, 2019-жыл.

Шайлоо менен коррупцияга каршы Октябрь көтөрүлүшү

Жакында генерал Өмүрбек Суваналиев бизге берген маегинде: “Октябрда элдик толкундоо чыкпаганда, Кыргызстанда кылмыштуу топтор, мафия өзүн мыйзамдаштырып, бийликти колго алмак, ошого аз эле калган”, - деп эскертти.

Чын эле парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы эл көчөгө агылып чыкпаганда, балким, ошондой болот беле, азыр деле андай кылмыштуу уюшмалардын катыгы берилип, тамыры үзүлдүбү - бир беткей айтуу кыйын, жаңы бийлик шайланып, мыйзамдашкандан кийинки алгачкы кадамдары көргөзөт ко. Кантсе да, шайлоодо журналисттер эки жылдан бери жазып, ашкерелеген коррупциялашкан кландардын партиялары жеңгени элдик толкундоого күчтүү тамызгы болуп бергени талашсыз.

Бишкекте биздин иликтөөлөр жарыяланган сайын коррупцияны жоюуну талап кылып, бир нече жолу жөө жүрүш, митинг өтсө да укмаксан, көрмөксөн болуп отура берген мурдагы бийлик эми аларды добуштарды бурмалоо аркылуу мамлекетти башкарууга алып келатканы араң турган элдин чыдамын жарып ийгендей эле болду.

2020-жылдын 5-октябрындагы элдик толкундоолордун түпкү жыйынтыгы, жемиши кандай болорун айтуу, баалоо азырынча эрте болуп турат. Алардан бир топ саясий упай тапкандар узакка барабыз десе - элди көчөгө чыгарган окуяларды эстен чыгарбай сабак алып, андай себептердин кайталанышына жол бербеши керек, деп жергиликтүү серепчилер байма-бай жазышууда.

А.Акаевдин президенттиги маалында "Азаттыкты" колдогон нааразылык жыйыны. Бишкек. 2005-жылдын 28-февралы.
А.Акаевдин президенттиги маалында "Азаттыкты" колдогон нааразылык жыйыны. Бишкек. 2005-жылдын 28-февралы.

Айтмакчы, "Азаттыктын" берүүлөрүн жергиликтүү шериктер аркылуу уктурууга азыр бозгунда жүргөн мурдагы президенттер Аскар Акаев да, Курманбек Бакиев да бөгөт коюшкан учурлар элдин эсинен чыга элек.

Азыркы биздин ар тараптуу иликтөөлөр да кыргыз калкын бейтарап маалымат менен камсыз кылуу жаатында "Азаттыктагы" салттуу көч улантылып жатканын далилдейт. Мындай иликтөөгө, адатта, жемкорлукка малынган бийлик башчылары биринчилерден болуп каршы чыгып келишкен.

2002-жылдагы Аксы окуясынын, 2005-, 2010- жана 2020-жылдардагы элдик көтөрүлүштөрдүн катышуучуларынын түздөн-түз талабы - өлкөдөгү авторитардык президенттик бийликти жоюу, жемкорлукту жок кылуу болгонун кантип унутууга болот!..

Матраимов көйгөйүн көтөргөндөр көп болду

Биз Матраимов-Абдукадыр тутамдашкан кланы Кыргызстанга ташылып келген-чыккан кытайлык тонналаган буюм-тайымды жашыруун кылмыштуу система аркылуу өткөрүп, өз чөнтөгүнө миллиондогон долларды уурдап алганына байланыштуу ар тараптуу иликтөө жүргүзүп, чет-четинен жаза баштаганыбызга беш жылдай убакыт болуптур.

Учурунда кабарчыбыз, ыраматылык Уланбек Эгизбаев биздин оператор-продюсерлер менен Ош, Баткенди аралап, коррупциялык чынжырдын көрүнүштөрү кантип ишке ашып жатканын редакциялык тапшырманын алкагында иликтеп, тасмага тартып, текстин жазып, эфирге чыгаргыча, кандай детектив окуяларга туш болгону кийин өзүнчө бир китеп болуп жазылат ко.

Андан бери "Азаттыктын" кабарчылары Али Токтакунов, Ыдырыс Исаков, операторубуз Айбек Кулчуманов жана башка кесиптештер кабылган кооптуу окуялар да ошол болочокку китепке кирчү журналисттик баяндарга татыйт. Иликтөөнү чыгартпай коюш үчүн биздин редакторлор менен журналисттерге ар кандай берешен "сый акы" сунушталып, түрдүү коркутуулар болгону келечекте жазылаар.

Күнүмдүк радио, ТВ түйшүктөрү, демейдеги интернеттеги ишибизден тышкары он чакты редактор, журналисттер кээде түнү менен жумушта калып, же дем алыш күндөру чогулуп алып, жүздөгөн документ, кайрылуу, каттарды, маектерди терип, ар тараптуу анализдеп, ар бир сүйлөмдү чогуу талкуулап жазып отурган учурлар “Азаттыктын” тарыхына кирип калат ко деп ойлойм. Коомдун кызуу колдоосун жана замана зарылдыгын сезгендиктен, “ашыкча иштеп койдум, тажадым, чарчадым” деп бир да киши арызданган жок. Бир нече тилдердеги жана ар башка алфавиттеги материалдар менен иштөөгө камылгасы бар кесиптештерим бар экендигине өзгөчө сыймыктанам.

Албетте, кийинчерээк жемкорлук чынжырын ашкерелөө ишибизди ар тараптуу улантканга көмөк көрсөткөн жергиликтүү жана эл аралык шериктерибиздин да опол тоодой салымы болду.

Кээ бир адамдар “эмне эле Матраимовду жазасыңар, башкалар жокпу?” – деп сурап калышат. Коррупциялашкан башка да адамдар бар, мамлекеттик казынага, же элдин ансыз да жука чөнтөгүнө суук колун салгандар аз эмес, далайы качып безип жүрүшөт, дагы бир тобу түрмөгө салынды, кооптонуп жашап жүргөндөр, кармала электер да толтура. Алар тууралуу да мурдатан эле четинен чагылдырып келе жатабыз.

Биз Матраимовду өзүбүз ойлоп таап чыккан эмеспиз. Ошол Кыргызстандагы Бажы кызматында, Мамлекеттик чек арада, Финполицияда иштегендер, мурда иштеп кеткендер жана кыргыз-кытай, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасында көп жылдардан бери товар ташыган ишкерлер арыз-муңун айтып келе берип, улам жаңы даректүү документ-кагаздарды бергенде жаза баштаганбыз.

Эң биринчи жолу 2015-жылы жазыптырбыз. Дагы бир иликтөөчү журналистибиз Элеонора Мамбетшакированын радио менен интернет сайтка даярдаган макаласын бул жерден окуй аласыз.

Кийин 2017-, 2018-жылдары да андан ары улантып жазууга аргасыз болдук. Бизге документ, кагаздарды көтөрүп келгендер, көрүп билгенин айтып бергендер улам көбөйө берди, андай адамдардын бир бөлүгү жок кылынды (иликтөөлөрдө баяндалган), айрымдары башка мамлекеттерге качып кетишти, дагы далайы ишсиз калды, камалып кыйноого кабылып чыкты, атын жашыргандар аман-эсен иштеп жашап жүрүшөт.

Эмнеге алар Кыргызстандагы Башкы прокуратурага, же башка жакка алып барбай бизге алып келишти? Мунун себебин ошол арыздангандар айтышса туура болот. Балким, ал жактарга деле кайрылышкандыр?

Биз дагы мыйзамдардын үстөмдүгү орноп, адилеттик өкүм сүрүп, арыздангандар, же ошол мыйзамсыз иштерди айтып жазып чыккан жарандар өлкөдө коркпой-үркпөй эркин жашашын каалайт элек.

Азырынча андай боло элек. Боор көтөрө элек жаш балдарын, жубайларын, көз жашын төккөн ата-энесин таштап, алыскы чет мамлекетке качууга аргасыз болгон эки чек арачы офицердин маселеси качан каралат? Алар качан эч кимден коркпой мекенине кайтып келип, балдарын кучактап жыттап, сагынычын жаза алышат?

Чиедей беш баласы менен жесир калган Айеркен Саймаитинин аялы үчүн адилеттик качан орнойт?

Түрмөдө кыйноого кабылган Кимсановдун иши эмне болот?

Өзү да кезегинде камакта отуруп, эркиндик көзүнөн учкан, элдик ыңкылаптын басымы менен боштондук алган азыркы айрым саясатчылар, алардын ичинде президенттикке ат салышып жаткан Садыр Жапаров, келечекте ошол бозгунда жүргөн же өлкө ичинде адилеттикти самап бозоргон жарандардын маселесине кайрылып, калыстык орнотулушуна кайсы кызматта болушпасын салым кошуп калаар деп үмүттөнө туралы.

Оппозиция кезде көздөн учуп, бийликке келгенде кордолгон сөз эркиндиги

Биздин кээ бир оппоненттерибиз “Эмнеге Матраимовдун мафиясы Атамбаевдин тушунда күчөгөнүн жазбайсыңар?” – деп сурап калышат. Бажыдагы коррупциялык схема мурдагы президент А.Атамбаевдин тушунда да гүлдөп өскөнү биз жазган материалдарда көргөзүлгөн маалыматтардан жана алар орун алган окуялардын күндөрүнөн (даталардан) эле айдан ачык болуп турат.

Алардын ич ара байланышы келечекте шериктер менен бирге, - анын ичинде жергиликтүү далай ыктыярдуу шериктер менен дагы биргелешип, - иликтене берээринде шек жок. Көп түкүрсө, көл болот деген накыл сөз бар эмеспи. Чыныгы айкындуулук өлкөдө дал ушуга өбөлгө жаратмак.

Мурдагы президент С.Жээнбековдун тушунда канча жазып, айтып көргөзсөк да, эч кандай реакция болгон жок, аягы кандай болгонун кайра кайталап отурбайлы, анын Дубайдагы айтылуу "Фактың барбы?!." деген кебин да эске салып отурбайлы. Дубайда ага суроо салган кыз "Азаттыктын" фактыларына негизденип айтканын коомчулук ошондо эле жакшы билген.

Айтмакчы, А.Атамбаевдин тушундагы коррупциялык иштер боюнча "Азаттыкта" далай журналисттик иликтөөлөр жарыяланганын, алардын айынан аягында ал бизди сотко берип, банктагы эсебибизди камакка алып, миллиондогон сомдук акча талап кылганын да эске сала кетели. Колдон колго өткөн Жерүй, Жолдон жонулган “жашылдар”, Багы ачылбаган ГЭСтер... Бакиевдин "байлыгы": кимден кимге?

Үч-төрт айдан кийин кандайдыр бизге белгисиз себептерден улам А.Атамбаев доо арызын кайтарып алган, биздикин биринчи ошентти, кийин журналисттерге каршы берген бардык материалдык доосунан баш тартты.

Биз жетекчибиз менен бирге Бишкекке жолугушууга барганда Атамбаев: “Силердин жазганыңардан улам туугандарым оорулуу болуп калды, жубайымдын кан басымы көтөрүлүп азап тартты!” – деп ачууланганы эсимде.

Ал дагы бийлиги аяктап бараткан чакта коомдук жыйындарда: “Азаттык” радиосунуку белгилүү, алар Вашингтондогу кожоюндарынын буйругун аткарып, мени жамандап атышат. Буйрукту аткарууга аргасыз, мен Американын базасын чыгарып салгандан кийин ошондой болду”, - деп актанганын көп уктук.

Өзү менен жолукканда да ага айткам, азыр да кайталап койойун, бизде кадимки кыргыз айыл-кыштактарында төрөлүп өскөн айымдар менен жигиттер иштешет. Күн сайын кандай окуяларды чагылдырабыз деп талкуулаган таңкы жана башка жыйындарыбыз кыргыз тилинде өтөт, бир да чет элдик адам аларга катышпайт. Океандын ары жагынан эч ким тапшырма бербейт.

Радионун бир гана кызыкчылыгы биздин уставда таасын жазылып турат: “Сөз эркиндиги чектелген мамлекеттерде чынчыл, бейтарап, так маалымат таратуу, коомдогу ачык-айкын талкуу, пикир алмашууну уюштуруу” деген миссияны аткаруу. Мындан башка максат жок.

Маанилүү мамлекеттик, коомдук кызматка барган адамдар сөз эркиндиги урматталган өлкөдө ар кандай сын пикир, ачык талкуу, ар кандай ачуу сөздөргө даяр болушу керек. Жок, “баары мени мактап-жактап гана турушу керек” десе, Кыргызстан азыркыдай мамлекет болмок эмес. Буга чейинки жетекчилердин ишмердигин кандай калыс чагылдырсак, азыркы жана кийинкилерди деле ошондой маанайда чагылдырып жаза беребиз. Мактап-көкөлөткөндөр бат эле аңга түртүп салаарына эгемендик тарыхыбыз, кыргыздын “Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат” деген сөзү далил.

Журналистика – коомдук кесип, коомчулукту кызыктырган бардык маселелер боюнча маанилүү кабарларды таратып, окуяларды чагылдырып, талаш-тартыштуу темаларды курч талкууга чыгарган ишибизди ырааттуу уланта беребиз. Биздин угарман, көрөрман жана окурмандарыбыз чындык кайсы тарапта экенин өздөрү бизден көз карандысыз түрдө чечип алат.

Эгерде биздин маалыматтарды өздөрүнө каршы бир тараптуу сын катары баалачу саясатчылар бар болсо, анда биздеги "Ыңгайсыз суроолор" жана башка берүүлөр аркылуу, ал түгүл кабарчыларыбыз менен бетме-бет маектешүү аркылуу өз жүйөөсүн билдире алышат.

Бардыгына жалпы коомчулук өзү тараза. Бирок эмитеден эле айтсак болот: "Азаттыктын" жемкорлукту ашкерелөөгө багытталган узак мөөнөттүк иш-аракети Кыргызстандагы кеңири коомчулуктун кызуу колдоосуна ээ болду.

Сөз эркиндиги үчүн күрөш тажрыйбасы жалгыз эле “Азаттыкта” эмес, Кыргызстандагы бардык маалымат каражаттарында ар кандай деңгээлде өнүккөн, сиңип жашап келатат, мындан ары бул мол коомдук тажрыйба мамлекеттин жана жарандык коомдун өнүгүүсүнө чоң салымын кошо берет деп ишенебиз.

Дүйнөдөгү калкы өз жашоосуна ыраазы, бакыбаттыкта жана басмырланбай-коркпой жашаган мамлекеттерде сөз эркиндиги - коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү эмеспи.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG