Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

"Эркин Европа/Азаттык радиосу” кыргыз бийлигин Кимсановдун Али Токтакунов тууралуу айткандарын иликтөөгө чакырат


“Эркин Европа/Азаттык радиосу” Кыргызстандын бийлигин мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун 10-апрелде жарыяланган видеодо «Азаттыктын» кызматкери Али Токтакунов тууралуу айткандары боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

«"Эркин Европа/Азаттык» радиосу өз журналисттерине жасалган кандай гана болбосун коркунучка олуттуу карайт. Биздин иликтөөгө жооп катары жасалган Раимбек Матраимов жана анын өнөктөштөрүнүн жалган жалааларын жана коркутууларын сындайбыз. Мен Кыргызстандын бийлигин бул маселеге олуттуу карап, бардык күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга чакырам», -деп билдирди «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай 11-апрелде.

Учурда Бишкектеги №1 Тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсановдун видеосун анын жубайы Мария Заворотняя социалдык тармакка жайгаштырган. Видео тасмада Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эркине койбой жумушка тартканын, «Азаттык» радиосунун Прагадагы кеңсенин кызматкери, иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун үй даректерин жана башка жеке маалыматтарын берип, «өлүүбү, тирүүбү таап келүү» тууралуу буйрук бергенин айтып, телефонундагы скриншотторду көрсөткөн.

Раимбек Матраимов өзү видео тууралуу үн ката элек. Ал эми анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Кимсановдун айткандарын четке какты.

Али Токтакунов «Эркин Европа/Азаттык» радиосу, Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деп аталган журналисттик иликтөөнүн авторлорунун бири.

Иликтөө коомчулукка белгисиз уйгур кланына тиешелүү көмүскө карго империясы беш жыл бою Кыргызстанга, Орусияга жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып, андан түшкөн жүз миллиондогон долларды АКШ, Түркия жана башка тараптарга чыгарып турганын көрсөткөн далилдерди топтогон.

Кыргызстанда адалданган акча Бириккен Араб Эмираттарынын, Европанын, Кошмо Штаттардагы банк эсептерине жана кыймылсыз мүлк алууга кеткени билинген.

Бул системада негизги ролду Райымбек Матраимов ойноп, кыргыз бийлигинин жооптуу кызматкерлери аркылуу ишке ашып турганы билинген.

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов ушул күндөрү Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып отурат. Ал быйыл февралдын этегинде дагы бир бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин аны Эмилбек Кимсанов, ошондой эле Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу адам токмоктогонун айтып жазган арызынын негизинде Орусиядан кармалып келип, сот үй камагына бошоткон эле.

Бирок үй камагындагы Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы 31-мартта өзгөртүлүп, №1 тергөө абагына киргизилген. Ал эми 8-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту «Азаттык» радиосуна мурдагы бажычынын камак мөөнөтү 16-июнга чейин узартылганын маалымдады. Сот мындай өтүнүчтү Башкы прокуратура бергенин билдирди. Бирок ишти тергеп жаткан ИИМ да, Башкы прокуратура да буга түшүндүрмө бере элек.

XS
SM
MD
LG