Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Аскерлердин күмөн санаткан машыгуусу


Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин машыгуусу. 9-декабрь, 2020-жыл.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин машыгуусу. 9-декабрь, 2020-жыл.

Кыргызстандагы «Жарандык көзөмөл комитети» Куралдуу күчтөрдүн нааразылык акцияларын басууга байланыштуу машыгууларын айыптап чыкты.

Уюм армияны ички иштерге кийлигиштирүү Конституцияга каршы келерин белгилеп, укук коргоо органдарынан буга чара көрүүнү талап кылды. Башкы штаб болсо аскерлер өзгөчө абал режими киргизилген учурдагы массалык башаламандыкка каршы сыналганын билдирип жатат.

Он күндөн кийинки эскертме

Өкмөттүк эмес уюмдардан куралган «Жарандык көзөмөл комитети» он күн мурдагы машыгуулар жөнүндө кайрылуусун 22-декабрда жарыялап, жалпы коомчулукка, анын ичинде башкы прокурор Курманкул Зулушевге жиберди.

Комитет иш-чара учурунда аскерлер жарандык митинг-пикеттерди басуу боюнча көндүмдөрдү үйрөнүшкөнүн белгилеп, анын натыйжасында бийлик армияны өз жарандарына каршы колдонууга аракет кылышы ыктымал деп камтама болгонун билдирди.

Бирикме бул жагдай Конституциянын 14-беренесинин 3-пунктуна («Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн мамлекеттин ички саясий маселелерин чечиш үчүн пайдаланууга тыюу салынат») каршы келерин эскертти.

«Жарандык көзөмөл комитети» буга байланыштуу башкы прокурорду президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевге чукул эскертүү берип, бул машыгуу мыйзамга жана аскер кызматкерлеринин Конституцияга берген антына канчалык туура келерин териштирүүгө үндөдү.

Комитеттин координатору Динара Ошурахунова кайрылуунун мазмуну тууралуу «Азаттыкка» учкай маалымат берди:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Машыгуу жөнүндө расмий билдирүүлөрдө «аскерлер президенттик шайлоодогу ыктымал акцияларга, түрмөдөн кылмышкерлер качып кеткен учурларга, нааразылык митингдерине каршы даярдыктан өтүп жатканы» айтылды. Биз ушул боюнча тынчсыздануубузду билдирип жатабыз. Бийлик эч качан армияны элге, өз жарандарына каршы колдонбошу керек. Буга Баш мыйзам да жол бербейт. Куралдуу күчтөрдүн максаты башка, алар тышкы күчтөрдөн коргошу керек. Аскерлер ички иштерге аралашпашы керек, ал үчүн өзүнчө Ички иштер министрлиги бар. Ошондуктан биз: «Бул аракеттер кайсы бир күчтөргө коркутуу сигналыбы? Бийлик нааразылык акциясы болот деп даярданып жатабы? Кайсы кылмышкерлер түрмөдөн кантип, эмне үчүн качып кетет?» деген суроолорду коюп жатабыз. Муну менен ар бир салык төлөгөн жаранга кайрылып жатабыз, себеби бул органдар биздин салыктын эсебинен каржыланат. Бул жагдайга башкы прокурордун да реакция кылышын талап кылабыз!»

Башкы прокуратура «Жарандык көзөмөл комитетинин» бул кайрылуусуна 23-декабрда расмий жооп берип, Куралдуу күчтөрдүн машыгуусунда саясий өңүт аныкталбаганын, «бийлик аскерлерди шайлоодон кийинки нааразылык акцияларын басыш үчүн өз жарандарына каршы колдонууга аракет кылышы ыктымал» деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

Маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Эрмек Асанов буларга токтолду:

«Күч түзүмдөрү жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда биргелешкен иш-аракеттердин жалпы түшүнүгүн жана тартибин иштеп чыгууда, өз ара аракеттенүүнү уюштуруу ыкмаларын жана жолдорун өркүндөтүү максатында биргелешкен машыгуу өткөрүшү алдын-ала пландаштырылганын белгилейбиз. Ошондуктан жогоруда айтылган машыгуу шайлоого эч кандай тиешеси жок деп эсептейбиз. Себеби, «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү жөнүндө» мыйзамга ылайык Куралдуу күчтөр ички чыр-чатактарды жөнгө салыш үчүн колдонулбайт».

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин машыгуусу. 9-декабрь, 202-жыл.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин машыгуусу. 9-декабрь, 202-жыл.

Башкы штабдын расмий сайтында белгиленгендей, аскерлердин өзгөчө абал режими киргизилген учурдагы аракети боюнча комплекстүү командалык-штабдык машыгуусу 9-декабрда Бишкектин четиндеги «Ала-Тоо» полигонунда өткөн. Анда бир блокпосттун мисалында документ текшерүү, адамдарды жана автомашиналарды текшерип өткөрүү, агрессивдүү топторго бөгөт коюп, аларды зыянсыздандыруу ишин милиция, куткаруучулар, дарыгерлер жана жергиликтүү бийлик менен кошо аткаруу боюнча машыгуу болгон.

Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева ушул окуяга байланыштуу «Жарандык көзөмөл комитетинин» кайрылуусуна мындай жооп берди:

«Эгер сиз «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамды карасаңыз, өзгөчө абал режими киргизилген учурда «Генералдык штаб ыкчам башкаруу жана координациялоо органы болот» деп жазылып турат. Ал учурда күч органдары да, башка органдар да бүт биздин көзөмөлүбүздө иш алып барууга өтөт. Ошондуктан бул жердеги машыгууда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ), Саламаттык сактоо министрлиги менен кошо ушул режимде кантип иш алып барабыз деген мааниде гана машыгуу өттү. Блокпосттордун ишин көрсөттүк, машинелер кандай өткөрүлөт, документация кандай, кайгуул кандай жүрөт деген маселелерди окуттук. Бул жерде машыгуу элди басууга байланыштуу, саясий мааниде өткөн жок. Ал пландык машыгуу. Өзүңөр көрдүңөр, жазында өзгөчө абал киргенде канча кыйынчылыктар чыкты? Ошолорду чечүүнүн жолдору каралды. Анан аны эмнеге анча саясатташтырып жиберишти, билбейт экенмин».

«Аскерлер бийликти сактап кала албайт»…

Деген менен машыгуу учурунда тартылган видеодолордо көрүнүп тургандай, анын ичиндеги бир машыгууда жарандык кийимчен топ нааразылык акциясына чыгып, элдик кошуун коргоп турган тарапка чабуул коёт. Кагылыштан кийин кошуун тарап кетип, атайын техника менен келген аскерлер каршылыкка чыккандарды кууйт, кармайт.

Башкы штабдын башчысы Таалайбек Өмүралиев машыгуу болгон жерден журналисттерге интервью берип жатып, өзү да иш-чаранын саясий өңүтүнө көңүл бурган эле.

«Бул иш-чара шайлоону коопсуздукта өткөрүүнүн алкагында уюштурулуп жатат. Өзүңөр билесиңер, келерки жылы бизде саясий иш-чаралар абдан көп болот. Биз Куралдуу күчтөр катары элдин шайлоого катышып, оюн эркин билдирүүсүнүн коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек», - деген 9-декабрда Таалайбек Өмүралиев.

Ушул эле машыгууга байланыштуу талаш-тартыштар ал өткөн күндөрү эле чыккан. Коомчулукта жана саясий чөйрөдө муну айыптагандар да, андан өөн нерсени көрбөгөндөр да болуп жатты.

Саясатчы Бектур Асанов кепке кошулду:

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Биринчиден, биздеги мыйзамдарда өзгөчө абал киргизилген учурларда гана Куралдуу күчтөр тартылары көрсөтүлгөн. Балким алар кандайдыр бир объектилерди коргошу мүмкүн, бирок митинг-пикеттерди басууга пайдалануу жөнүндө сөз жок. Ошондуктан булар шайлоону утурлай, алдын-ала ушундай машыгууларды өткөрүп жатканы мыйзамга туура келбейт. Экинчиден, шайлоо мыйзамдуу түрдө өтсө, эч кандай тоз-тополоң болбойт, бардыгы аны кабыл алып, макул болот. Демек, бийлик шайлоону таза өткөрөбүз дегенге өздөрү ишенбей жатат. Шайлоону кандай болбосун, керек болсо күч менен болсо да жеңебиз деген план бар окшойт. Түпкүлүгүндө бийлик туура эмес, элге каршы саясат жүргүзсө кандай кырдаал болбосун, кандай режим болбосун аны аскерлер сактап кала албайт. Мурдагы президент Курманбек Бакиев элди аткыласа да күч органдары аны сактап кала алган эмес».

Талдоочу жана аскер эксперти Токтогул Какчекеев да мыйзамга ылайык, өлкөнүн ичиндеги коомдук коопсуздукту негизинен Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери, милиция кызматкерлери камсыз кыла турганын белгилейт.

Бирок ал ошол эле убакта «зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоңдордо, улут аралык чыр-чатактарда, массалык башаламандыкта, стратегиялык объектилерди куралдуу басып алуу аракеттери катталган учурларда» аскерлер да жардамга келерин тактайт. Болгону ал үчүн өзгөчө абал режими керек жана процесс президенттин, парламенттин уруксаты менен коштолушу зарыл. Эксперт буга мисал катары 1989-жылы Баткендеги суу-жер талашка, 1990-жылкы жана 2010-жылкы Оштогу улут аралык кагылыштарда Куралдуу күчтөр тартылган учурларды эске салды.

Какчекеев ага карабай саясий окуяларга да аскерлерди тартуу аракети болгонун белгилеп, ага аралашабы, жокпу, бул Куралдуу күчтөрдүн жетекчилеринен көз каранды экенин билдирди.

Токтогул Какчекеев.
Токтогул Какчекеев.

«Мен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын мурдагы жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиевдин кеңешчиси болчумун. Октябрдын башындагы окуяларда президенттик аппараттан жанталашып телефон чалып, «Куралдуу күчтөрдү даярдыкка койгула, көчөдө болуп жаткан акцияларды тараткыла» деп айтып жатышты. Аны Дүйшөнбиевдин кол алдындагылар аткарууга милдеттенме алышкандан кийин, Дүйшөнбиев аларды чакырып, «бирөөңөр да аны аткарбайсыңар, бул жерде мен башчымын» деп айткан. Ал болуп жаткан окуяларга ИИМдин Ички аскерлери, УКМК, Башкы прокуратура жана башка органдар аралашып, тынчтык жол менен бүтүрүшү керек экенин белгилеген. Ал болбосо Улуттук гвардия бар. Ошенткенден кийин эле эртеси аны ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жеке өзү иштен алып салган», - деди Токтогул Какчекеев.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан 5-октябрдагы Бишкектеги нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Ошондон улам Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган.

Буга байланыштуу ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиевди 9-октябрда иштен алып, анын ордуна Таалайбек Өмүралиевди койгон.

Мамлекет башчы ошол эле күнү Бишкекте өзгөчө абал режимин киргизген. Анын алкагында шаардын кириш-чыгышындагы блокпостторду аскерлер кайтарып, көчөдө аскердик техника жүрүп турган. Өзгөчө абал режими Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткен күнү, 16-октябрда парламенттин чечими менен жоюлган.

Президенттик милдетти алгач өкмөт башчылыкка шайланган Садыр Жапаров аткарып жаткан. Ал президенттик шайлоого кеткенине байланыштуу бул милдет Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жүктөлгөн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG