Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:28

Өзгөчө жагдайдагы саясий өнөктүк


Иллюстрациялык сүрөт.

Алдыдагы президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум оор социалдык-экономикалык шартта жана татаал саясий кырдаалда өткөнү турат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына болгон нааразылыктын айынан 6-октябрда Ак үй басып алынып, андан кийинки өлкөдөгү жагдай бийлик алмашууга алып келгени белгилүү.

Бирок парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкканы менен БШК 21-декабрга кайра шайлоо дайындап, Жогорку Кеңеш 22-октябрда мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен шайлоону артка жылдырып, өзүнүн ыйгарым укугун узарткан. Ошондон кийин парламент 10-январга президенттик шайлоо дайындоо тууралуу токтом кабыл алган.

Анан эле жаңы Баш мыйзам кабыл алуу тууралуу референдум өткөрүү демилгеси көтөрүлдү. Бирок кийин президенттик шайлоо менен кошо башкаруу формасын аныктаган референдум өткөрүү чечими чыкты.


Жогорку Кеңештин мурдагы төрага орун басары Кубанычбек Исабеков президенттик шайлоо менен референдумду өткөрүү оор учурга туура келгенин айтып, тобокелдиктер жогору экенин белгиледи:

"Бул жолку президенттик шайлоо мамлекет оор социалдык-экономикалык абалды баштан кечирип жаткан мезгилде өтүп жатат. Мамлекеттин ички-тышкы карызы көбөйүп, аны төлөө бир топ кыйынчылык жараткан мезгилде өтүп жаткан шайлоо саясий кыйчалыштыктарга дагы бай болуп турат. Мурдагыдай президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланса, анда административдик ресурстар кеңири колдонулуп, шайлоодо акча чачкан учурлар көп болсо, эл дагы толкуп кетпесине эч ким кепилдик бере албайт. Бир топ оор маселелер чечиле электе анын жоопкерчилигин алып, президент болуш дагы оор маселе. Ошондуктан бул шайлоодо тобокелдиктер аябай эле жогору. Маянаны, тышкы карызды төлөөдө чыгып жаткан көйгөйлөрдү чечүү милдети турат".​

"Кооптонууга негиз жок"

Азыркы бийликти колдогон саясат талдоочулардын бири Максат Чакиев президенттик шайлоонун алдындагы жана андан кийинки учурду ашкере опурталдуу кырдаал күтүлүп жаткандагыдай сүрөттөө туура эмес экенин айтты. Анын баамында, тобокелдиктер жогору болгону менен өлкө татаал чыңалууга дуушар болгону турат деп айтууга негиз жок.

"Биздин өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал 1991-жылдан бери эле бир калыпта келе жатат. Өлкө аябай чоң капсалаңга түшүп, коркунучтуу чекке жетип, кургуйга түшүп кеткендей кылып сүрөттөй берүү туура эмес. Ошондуктан кырдаалга ар кандай түс берип, коомчулукту дүрбөлөңгө түшүрө бергенге болбойт. Азыр эми негизги милдет - президенттик шайлоону өткөрүп, мамлекет башчысын тандап, эл аралык кызматташтыкты колго алып, толук укуктук талаага түшүү зарыл. Анан тез арада парламенттик шайлоону өткөрүү милдети турат. Бул жерде кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жок. Бардыгы өз нугу менен эле бара жатат".


Анткен менен саясий чөйрөдөгү ар кандай пикир келишпестиктер менен нааразылыктар коомду чоң ажырымга салып, шайлоонун алдында саясий "температура" термелип, саясий лагерлер ортосунда чыңалуу пайда болуп, карама-каршылыктар күчөп жатканын талдоочулар жокко чыгарбайт.

Жарандык активист Мирлан Орозбаев жаңыланууга жасалган тоскоолдуктар тууралуу мындай деди.

"Кыргызстан жаңыланууга муктаж. 6-7-октябрь күндөрү Ак үйдүн алдында эмнелер гана болгон жок. Керек болсо бир жигиттин өмүрү кыйылып кетти. Ошол учурда чыккан элдин талабы аткарылдыбы? Албетте, жок. Эл эмнеге көчөгө чыкты эле? Азыркы эски саясий элита кетип, жаңылануу болсун деген ниет болгон. Бирок андай болбоду. Баягылар эле кайра келип, ордуна отуруп алышты".​

Саясий өнөктүктүн чыгымдары

Президенттик шайлоо менен кошо референдумду бир күндө өткөрүү каражатты үнөмдөө үчүн жүрүп жатканы айтылган. Анткен менен казына каражатынын тартыштыгынын айынан кыргыз бийлиги эл аралык донорлордон акча сураганы белгилүү. Бирок сырттан каржылоо болор-болбосу азырынча белгисиз.

Президенттик шайлоону өткөрүүгө 549 млн. сом чыгымдала турганы жарыяланган. Ал эми аны менен кошо референдумду өткөрүүгө канча каражат сарпталары тактала элек. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов президенттик шайлоо менен референдумду каржылоо үзгүлтүккө учурабайт деген ишенимде.

"Азыр президенттик шайлоону өткөрүү боюнча пландуу каржылоо жүрүп жатат. Ал эми референдумга кетчү чыгымдардын сметасы бекитилсе, анан ошого жараша каржылоо башталат. Экөөнүн тең бир күндө өткөрүлгөнү бир топ чыгымдарды үнөмдөп калууга себеп болду. Анткени кызматкерлердин маянасы, жол чыгымдары, уюштурууга кетчү акча каражаты сыяктуу чыгымдар бир топ кыскарды. Себеби эки саясий өнөктүк экөө тең бир күндө өткөндүктөн каржылоо бир топ оптималдаштырылды".

Кыргызстан эгемендик алгандан берки алтынчы мамлекет башчысын тандоо үчүн мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо күтүлүүдө. Аны менен кошо мамлекеттин башкаруу түрүн - парламенттик же президенттик форманы тандоо боюнча жалпы элдик добуш берүү өткөнү турат.

XS
SM
MD
LG