Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:56

«Жарандык көзөмөл комитети»: Жарандык нааразылыкты басууга армияны колдонуу Конституцияга каршы келет


Башкы штабдын башчысы Таалайбек Өмүралиев машыгууга көз салууда. 2020-жылдын 9-декабры.
Башкы штабдын башчысы Таалайбек Өмүралиев машыгууга көз салууда. 2020-жылдын 9-декабры.

Кыргызстандагы «Жарандык көзөмөл комитети» уюму 22-декабрда бийлик армияны өз жарандарына каршы колдонууга аракет кылышы ыктымал деген тынчсыздануусун билдирип чыкты.

Уюм армиянын жетекчилиги Бишкектин четинде шайлоодон кийинки нааразылык акцияларын басыш үчүн аскерлер тартылган командалык-штабдык машыгуу өткөргөнү тууралуу басма сөздө тараган маалыматка таянып, жарандык нааразылыкты басууга армияны катыштыруу Конституцияга каршы келерин эскертти.

Ошону менен катар уюм өз чөнтөгүнөн салык төлөп, армияны каржылаган жарандарды мындайга жол бербөөгө, ал эми эксперттерди, жарандык активисттерди эл арасында армиянын ролу жана коопсуздук мекемелеринин мыйзамдуу укуктары менен милдеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

«Жарандык көзөмөл комитети» уюму башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевге чукул эскертүү берип, бул машыгуу мыйзамга жана аскер кызматкерлеринин Конституцияга берген антына канчалык туура келерин териштирүүгө үндөдү.

Башкы штабдын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 9-декабрда Бишкектин четиндеги «Ала-Тоо» полигонунда аскерлердин өзгөчө абал режими киргизилген учурдагы аракети боюнча машыгуу өткөн. Анда бир блокпосттун мисалында документ текшерүү, адамдарды жана автомашиналарды текшерип өткөрүү, агрессивдүү топторго бөгөт коюп, аларды зыянсыздандыруу ишин милиция, куткаруучулар, дарыгерлер жана жергиликтүү бийлик менен кошо аткаруу боюнча машыгуу болгон.

Штабдын бул маалыматында саясий себептер тууралуу жазылган эмес.

Бирок Башкы штабдын башчысы Таалайбек Өмүралиев машыгуу болгон жерден журналисттерге интервью берип жатып саясий өңүтүнө көңүл бурган:

«Бул иш-чара шайлоону коопсуздукта өткөрүү алкагында уюштурулуп жатат. Өзүңөр билесиңер, келерки жылы бизде саясий иш-чаралар абдан көп болот. Биз Куралдуу күчтөр катары элдин шайлоого катышып, оюн эркин билдирүүсүнүн коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек».

Кыргызстандын Конституциясынын 14-беренесинин 3-пунктунда «Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн мамлекеттин ички саясий маселелерин чечиш үчүн пайдаланууга тыюу салынат» деп жазылган. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу милициянын милдети. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG