Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Башкы прокуратура: Куралдуу күчтөр ички чыр-чатактарды жөнгө салууда колдонулбайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура «Жарандык көзөмөл комитети» уюмунун жарандык нааразылыкты басууга армияны колдонуу Конституцияга каршы келери тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды.

23-декабрда мекеменин расмий сайтына бул тууралуу маалымат жарыяланып, Бишкектин четинде өткөн машыгуунун шайлоого эч кандай тиешеси жок деп эсептей турганы белгиленди.

Ошону менен катар Башкы прокуратура: «Күч түзүмдөрү жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда биргелешкен иш-аракеттердин жалпы түшүнүгүн жана тартибин иштеп чыгуу, өз ара аракеттенүүнү уюштуруу ыкмаларын жана жолдорун өркүндөтүү максатында биргелешкен машыгуу өткөрүшү алдын-ала пландалган», деп белгилеп, Куралдуу күчтөр ички чыр-чатактарды жөнгө салыш үчүн колдонулбай турганын кошумчалады.

22-декабрда «Жарандык көзөмөл комитети» уюму Бишкектин четинде шайлоодон кийинки нааразылык акцияларын басыш үчүн аскерлер тартылган командалык-штабдык машыгуу өткөрүлгөнү тууралуу басма сөздө тараган маалыматка таянып, жарандык нааразылыкты басууга армияны катыштыруу Конституцияга каршы келерин эскерткен.

Ошону менен катар уюм башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевге чукул эскертүү берип, бул машыгуу мыйзамга жана аскер кызматкерлеринин Конституцияга берген антына канчалык туура келерин териштирүүгө үндөгөн.

Башкы штабдын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 9-декабрда Бишкектин четиндеги «Ала-Тоо» полигонунда аскерлердин өзгөчө абал режими киргизилген учурдагы аракети боюнча машыгуу өткөн. Штабдын бул маалыматында саясий себептер тууралуу жазылган эмес. Бирок Башкы штабдын башчысы Таалайбек Өмүралиев машыгуу болгон жерден журналисттерге интервью берип жатып саясий өңүтүнө көңүл бурган:

«Бул иш-чара шайлоону коопсуздукта өткөрүү алкагында уюштурулуп жатат. Өзүңөр билесиңер, келерки жылы бизде саясий иш-чаралар абдан көп болот. Биз Куралдуу күчтөр катары элдин шайлоого катышып, оюн эркин билдирүүсүнүн коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек».

Кыргызстандын Конституциясынын 14-беренесинин 3-пунктунда «Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн мамлекеттин ички саясий маселелерин чечиш үчүн пайдаланууга тыюу салынат» деп жазылган. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу - милициянын милдети. (RK)

XS
SM
MD
LG