Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штаб башчысы алмашты


Таалайбек Өмүралиев.
Таалайбек Өмүралиев.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 9-октябрда кол койгон жарлыгы менен Таалайбек Өмүралиев Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы болуп дайындалды.

Мамлекет башчынын 9-октябрдагы ушундай эле жарлыгына ылайык, Башкы штабдын мурдагы жетекчиси Райимберди Дуйшенбиев кызматынан бошотулган.

Бүгүн, 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү толук курамы менен кызматтан кетирүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Конституциянын 65-87-беренесинин 1,2,3-бөлүмдөрүнө, 13-берененин 1,4-пункттарына, 23-беренесинин 4-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын өкмөтү тууралуу» мыйзамга ылайык президент премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды. Бул арызга ылайык өкмөт толук курамы менен кызматынан кетти деп эсептелет. Кол коюлган жарлык боюнча өкмөт башчы, вице-премьер-министрлер, өкмөт мүчөлөрү жаңы өкмөт курамы дайындалгыча өз милдеттерин аткарууну улантышат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган. Өлкөдө азыр коомдук-саясий кризис өкүм сүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG