Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

БШК жаңы шайлоонун мөөнөтүн 6-ноябрга чейин аныктайт


Бишкектеги шайлоо учуру.
Бишкектеги шайлоо учуру.

Бордордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы кайра өтчү парламенттик шайлоонун мөөнөтү 6-ноябрга чейин анык болору тууралуу маалымдады.

Конституциянын 38-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылса кайра шайлоо бир айдын ичинде өтөт. БШК 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө чечимин 6-октябрда кабыл алган.

БШКнын мындай чечим кабыл алышына «Бир Бол», «Чоң Казат», «Республика», «Мекенчил», «Реформа», «Ыйман Нуру», «Ата Мекен», «Мекен Ынтымагы», «Бүтүн Кыргызстан», «Ордо», «Ооганстандагы жана ушул сыяктуу согуштук аракеттердин катышуучулары», «Социал-демократтар» партияларынын «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партияларынын шайлоодон көпчүлүк добушту алышына каршы жазган арызы негиз болгон.

БШК шайлоо маалындагы мыйзам бузуу фактыларынын сүрөттөрүн жана видеолорун Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлигине тапшырууну партияларга сунуш кылды. (BCh)

XS
SM
MD
LG