Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

Суваналиев: Учурда жалгыз легитимдүү орган - Коопсуздук кеңеши


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Учурда жалгыз легитимдүү орган - Коопсуздук кеңеши. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бүгүн, 8-октябрда жарандык коомдун форумунда билдирди. Ал учурда өлкөдө кырдаал оор экенин айтып, мындан ары да курчутуп жибербеш үчүн Коопсуздук кеңеши укук жана тартип коргоо кызматтарынын ишин координациялоону өз колуна алганын айтты:

«Кырдаал оор. Саясий күчтөр бири-бирине карама-каршы. Ар бир партиянын тарапкерлери өзүнө тартып, митинг кылып, келише албай жатышат. Мурдагы бийлик кайра «кеткен жокпуз, иштеп жатабыз» деп чыкты. Президент «мыйзамдуумун» деп жатат. Учурда жалгыз легитимдүү орган - Коопсуздук кеңеши. Мен орун басарлык кызматымды аткарып, бардык күч кызматтары менен иштеп атабыз. Курал-жарак бар. Көп күчтөр ошол курал-жаракка жетип, кырдаалды күчөтүүнү көздөп турушат. Координация менин милдетимде жана колумда».

Өмүрбек Суваналиев учурда бир да саясий партияны колдобой турганын, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлигинен кеткенин, саясаттан тыш, коомдук коопсуздукту сакташ үчүн иштеп жатканын кошумчалады.

«Бир да күч кызматынын имаратында саясий партиялар жыйын өткөрүүгө укугу жок, - деди ал. - Ошондуктан алар башка бейтарап имараттарга барып иштесин. Жогорку сот иштеп жатат, башка түзүмдөр иштеп жатат. Мен өзүн жетекчимин деп тааныштырган адамдар менен иштеген жокмун. Жетекчиси кетип калган органдардын орун басарлары менен иштеп атабыз».

Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары чет мамлекеттер менен да байланышып жатканын айтты. Анын айтымында бардык аймактарда улут аралык, аймак аралык жана башка ажырымга, чатакташууга жол берилбейт. Ал Интернетте тарап жаткан түрдүү чагымчыл маалыматтардан сак болууга, аларга ишенбөөгө чакырды. Суваналиев ошондой эле жарандык коом аркылуу саясий партияларга кайрылып, чогуу отуруп, мыйзам жолуна түшүүнү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тынчтыкка келүүнү, кырдаалды курчутпоону суранды.

Акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар 5-октябрда митингге чыгышкан. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Бул окуялардын натыйжасында БШК акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Президент Жээнбеков Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек. 6-октябрдан бери ал маалымат каражаттары аркылуу үч ирет элге кайрылды.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын шайлоо тизмесиндеги Өмүрбек Суваналиев талапкерлигинен баш тартып, убактылуу кеткен Коопсуздук кеңешинин орун басарлык кызматына кайтып барганы мурда кабарланган.

Легитимдүү бийлик бутагы саналган Жогорку Кеңештин депутаттары бир пикирге келе албай, кезексиз сессияга чогула албай жатышат. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп турат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG