Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Курсан Асанов: камактан чыккан саясатчылардын маселеси жаңы өкмөт аныкталгандан кийин чечилет


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

6-октябрдын түнүндө камактан чыгарылган саясатчыларга байланышкан маселе жаңы өкмөт курамы аныкталгандан кийин чечилет. Бул тууралуу ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов 8-окятбрда өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле азыркы тапта абал кооптуу экенин белгилеп, Жогорку Кеңеш чогулуп, абалдан чыгуунун мыйзамдуу жолдору каралышы зарыл экенин билдирди.

Кечкисин Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн жанында элдик кошуундар менен чогулуп, кайрадан шаардагы коопсуздукту камсыз кылууга чакырды.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын УКМКнын имараттарын, ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге үч ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.

Бул окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Легитимдүү бийлик органы катары саналып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогула албай жатышат. Буга чейин депутаттар эки бөлүнүп кеңешке чогулганы кабарланган.

Учурда мыйзам алкагына кайтып келүү максатындагы аракеттер жыйынтык бере элек.

XS
SM
MD
LG