Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Мадумаров: Садыр Жапаров адилетсиз күчтөргө курал болуп жатат (видео)


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан сегиз партиядан турган Координациялык кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөнүн тааныбайт. Мадумаров мындай пикирин «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасынын 7-октябрдагы чыгарылышында билдирди:

«Садыр мырза шашпаса болмок, 2-3 саясий күчүн аркасы менен премьер-министр боло калам дегени туура эмес. Анын акыркы кадамдары артында ишеничтүү күчтөр турганынан күмөн жаратып жатат. Ал сырттагы кандайдыр бир күчтөргө куурчак болуп берип жатат. «Адилеттик» деп кыйкырып жүрүп, кайра өздөрү ошол адилетсиз күчтөргө курал болуп берип жатканына жол болсун!»

Ушул тапта Өкмөт Үйүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар чогулуп, убактылуу өкмөт түзүү маселесин карап жатышат.

Ал арада Садыр Жапаров басма сөз жыйынын өткөрүп, өзүн «легитимдүү өкмөт башчымын» деп жарыялады.

Аны колдобогон саясий топтор жана жаштар кыймылдары 7-октябрда Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүп, өздөрүнүн талапкерлерин сунуш кылышты. Каршы тарап Садыр Жапаровду «Жээнбековдор менен Матраимовдордун кландары менен жең ичинен сүйлөшүп алды» деп күнөөлөп жатат.

6-октябрда «Достук» мейманканасында чогулган депутаттар тобунун жыйынына VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров көрсөтүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG