Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 09:37

Түркия өз жарандарына Кыргызстанга баруу кооптуу экенин билдирди


Кыргызстан менен Түркиянын туулары.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги расмий сайтында ушундай билдирүү жарыялады. Анда 5-октябрда өлкөдө пайда болгон кооптуу жагдайдан улам түркиялыктарды чукул жана маанилүү иштери болбосо Кыргызстанга баруудан алыс болууга чакырган.

Ошондой эле мекеме Кыргызстандагы жарандарын Бишкектеги түрк элчилигинин жарыяларын эске алып, чукул кырдаалда элчиликке байланышууну сунуш кылган.

Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алакаларды түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет.

Бишкекте 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин каршылык акциясы өтүп, ал калайман башаламандыкка айланган. (ElB)

XS
SM
MD
LG