Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Премьер-министрликке көрсөтүлгөн талапкерлер көбөйүүдө


Тилек Токтогазиев айыл чарба министрлигине өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп, парламентте тармакты өнүктүрүү боюнча программасын тааныштырган. Жогорку Кеңеш. Бишкек. 2017-жыл.

Люстрацияны талап кылган жаштар өкмөт башчылык кызматка көрсөтүп жаткан «Ата Мекен» партиясынын депутаттыкка талапкери Тилек Токтогазиев учурдагы коомдук-саясий кырдаалда өкмөт башчы катары иштеп берүүгө даяр экенин «Азаттыкка» билдирди.

Ал буга билими да, тажрыйбасы да жетиштүү экенин айтты.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова «Реформа» партиясы өкмөт башчылыкка Жумадыл Эгембердиевдин, жаштардан да талапкерлер бардыгын айтты. Бирок аты аталгандар азырынча комментарий бере элек жана өздөрү ал жерде жок.

Учурда Өкмөт Үйүндөгү жыйындар залына 4-октябрдагы шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялардын лидерлери, мүчөлөрү чогулууда.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия кирген Координациялык кеңеш жана дагы төрт партиядан турган Элдик координациялык кеңеш Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүнө каршы болуп жатышат.

6-октябрда кечке жуук Бишкектеги «Достук» мейманканасында Жогорку Кеңештин депутаттар тобунун катышуусундагы жыйын жаңы төрага кылып Мыктыбек Абдылдаевди дайындап, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду дайындоо тууралуу сунушту бекиткен. Дастанбек Жумабековдун төрагалыктан, Кубатбек Бороновдун премьер-министрликтен кетүү тууралуу арызы каралганы, жыйынга 64 депутат катышканы кабарланган. Муну Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев төгүндөп, 80ге жакын депутат менен сүлөшкөнүн, жыйынга анын 30дайы катышканын билдирген. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG