Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Ош шаарында Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары митинг өткөрүүдө


Ош шаардык мэриясы.
Ош шаардык мэриясы.

Ош шаарынын борбордук аянтына 200дөн ашуун киши буга чейин кызматын тапшырганы кабарланган мэр Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары митинг өткөрүүдө. Алар Сарыбашовду ордуна алып келүүнү талап кылып жатышат. 6-октябрь күнү шаардык кеңештин депутаттары Сарыбашовдун ишине ишеним көрсөтпөө тууралуу көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алышкан. Көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөнкул Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган.

Таалайбек Сарыбашов Ош облусунда губернатор, Алай районунун акими болуп иштеген. Митингге чогулгандардын басымдуу бөлүгү Алайдан келгенин айтышууда.

6-октябрда Ош шаардык кеңешинин кезексиз жыйыны болуп ага 31 депутат катышкан. (DU)

XS
SM
MD
LG