Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:01

БШК: Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими чыкты


Бишкек, 6-октябрь
Бишкек, 6-октябрь

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун тыянагын жокко чыгаруу тууралуу чечим кылды жана азыр бул чечимдин тексти жаатында БШКнын юристтери иштеп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Марина Гречанная БШКнын бүгүн өткөн жыйынына таянып "Азаттыкка" билдирди.

Буга чейин БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева шайлоонун тыянагы боршайкомдун мүчөлөрүнүн 11 добушу менен 4-октябрдагы шайлоонун тыянагы жокко чыгарылганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазган.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгында жети пайыздык босогодон өтпөй калган партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыгып, 6-октябрдын таңында митингчилер Бишкек шаарында президенттин жана парламенттин кеңсесин басып алышкан. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришип, анын жыйынтыктарын толук жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындоону талап кылышкан. Учурда Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол шаарларында каршылык акциялары уланууда.

Бишкекте шайлоого катышкан оппозициялык партиялардын лидерлери баштаган саясатчылар Координациялык кеңеш түздү. Аны "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров башкарууда.

Президент С.Жээнбеков 6-октябрда видео кайрылуу жолдоп, өлкөдө шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болгонун айтты.

4-октябрдагы шайлоодо "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары жети пайыздык босогодон өткөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG