Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Бишкекте Жанарбек Акаевди уурдоо аракети болгону кабарланды


Жанарбек Акаев (ортодо) Ала-Тоо аянтындагы митингде сүйлөп жаткан учуру. Бишкек шаары. 7-октябрь, 2020-жыл.
Жанарбек Акаев (ортодо) Ала-Тоо аянтындагы митингде сүйлөп жаткан учуру. Бишкек шаары. 7-октябрь, 2020-жыл.

7-октябрь күнү, саат 12 чамасында Ала-Тоо аянтындагы митингден чыгып бараткан жеринен Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынын шайлоодогу талапкери Жанарбек Акаевди белгисиз бирөөлөр автоунаага салып кетүүгө аракет кылышканы кабарланды.

Ага ылайык, «Тойота-Лэндкруизер» үлгүсүндөгү, мамлекеттик номуру жок, айнектери караңгылатылган автоунаадагы чымыр адамдар «Жанарбек бизге сүйлөшүү жүргүзүш үчүн керек» деп өзүн жалгыз салып кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Жанарбек Акаевдин жанында жүргөн досу «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында белгисиз адамдар Жанарбек Акаевди машинага күчтөп отургузууга аракет кылышканда, жанындагы шериктери жана тарапташты ага жол бербей алып калышкан.

Жанарбек Акаевдин өзүнөн бул тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Коштоп жүргөн жансакчысы бул маалыматты ырастады. Анын айтымында азыр Жанарбек Акаев коопсуз жерде, аман-эсен.

Жанарбек Акаев 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митингинде бутуна желим ок жеген.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу тарабынан Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүн кескин сындап, кылмыштуу топтордун жардамы менен "Жээнбековдордун, Матраимовдордун өкмөтүн түзүштү" деп билдирген.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакырыш үчүн кол топтоп, эки жерде чогулушту. «Достук» мейманканасында чогулган депутаттар тобунун жыйынына VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн. Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыкка Садыр Жапаров көрсөтүлгөн.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга оогон түнү президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, айрымдары камактагы саясатчыларды бошоткон.

6-октябрда саясий партиялардын лидерлери координациялык кеңеш түзгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG