Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Депутат Сурабалдиева митингчилерди ынтымакка чакырды


Ала-Тоо аянтындагы митинг. Бишкек шаары. 7-октябрь, 2020-жыл.
Ала-Тоо аянтындагы митинг. Бишкек шаары. 7-октябрь, 2020-жыл.

Аянттагы митингде бир катар партиялардын өкүлдөрү микрофон талашып, пикир келишпестик чыкты. «Ата Мекен» партиясынын талапкери, Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева чогулгандарды ынтымакка чакырды:

«Азыр бул жерде 15 партиянын мүчөлөрү турат. Ар бириңер бөлүнө берсеңер, ыдырап кетебиз. Бийликке ушул керек. Биз бул жакта турсак, тиги жакта эркектер бийлик талашып атышат. Эркектер башкара албаса, мына кыз башым менен мен башкарып берем!», - деди Сурабалдиева.

«Ата Мекен» партиясынын дагы бир талапкери Тилек Токтогазиев «учурдан эски саясатчылар пайдаланып, бийликти колуна алууга аракет кылып жатышат» деп, эски саясатчыларды митингге да жолотпоого чакырды. Ушул тапта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка сунушталышына каршы митинг өтүп жатат.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакырыш үчүн кол топтоп, эки жерде чогулушту. «Достук» мейманканасында чогулган депутаттар тобунун жыйынына VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн. Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыкка Садыр Жапаров көрсөтүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG