Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:08

Москвадагы кыргызстандык жаштар өз өлкөсүнө кайрылышты


Москвадагы кыргызстандык активисттер. Октябрь, 2020-жыл.
Москвадагы кыргызстандык активисттер. Октябрь, 2020-жыл.

6-октябрда Москвадагы кыргызстандык жаштардын өкүлдөрү топтолуп, Кыргызстандагы бийлик өкүлдөрүнө, саясий партиялар менен элге кайрылышты.

«Мамлекеттик мүлктү талап-тоноого, ар кандай саясий күчтөрдүн жер-жерлерде кызмат орундарын басып алышына жол бербей, Кыргызстандын бүтүндүгү менен мыйзамдуулукту сактап калууну өтүнөбүз», - деди чогулгандардын атынан сүйлөгөн коомдук активист Надырбек Сооронбаев.

Жыйынга Кыргызстандын жети облусу боюнча түзүлгөн коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жаш активисттер чогулган. Алар Кыргызстандын элин өткөөл саясий кырдаалда кызыкчылыгы бар күчтөрдүн улут, аймак аралык жана партиялык чагымчылдык билдирүүлөрүнө жетеленбей, ынтымакты сактап калууга чакырышты.

Москва шаары менен Москва облусунда расмий 350 миңдей, расмий эмес эсепте жарым миллиондон ашуун кыргызстандыктар убактылуу жашап иштеп келет. Кыргыз диаспорасы жаштар жетектеген жети облустук жана райондук, айылдык коомдук бирикмелерден түзүлгөн. (LzT)

XS
SM
MD
LG