Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Жапаров менен Ташиев Өкмөт үйүнөн чыгып кетишти (видео)


Саясатчы Садыр Жапаров. 5-октябрь, 2020-жыл.
Саясатчы Садыр Жапаров. 5-октябрь, 2020-жыл.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Өкмөт үйүнөн жан сакчыларынын коштоосунда шашылыш чыгып, автоунаага отуруп кетишкени тууралуу видео тарады. 7-октябрь күнү эртең менен аталган саясатчылар министрлер кабинети отурган имаратка кирип кетишкен.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакырыш үчүн кол топтоп, эки жерде чогулушкан. «Достук» мейманканасында чогулган бир нече депутат катышкан жыйынга VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров сунушталган.

Жапаровдун өкмөт башчылыкка сунушталышына «Реформа» саясий партиясынын өкүлдөрү, «Баштан башта» кыймылынын мүчөлөрү баштаган топтор "Ала-Тоо" аянтына митингге чыгышты. Кийинчерээк митингдин катышуучулары альтернативдүү өкмөт башчы катары "Ата-Мекен" саясий партиясынан талапкер Тилек Токтогазиевди аянттан өкмөт үйүнүн имаратына алып барып, бирок имаратка кире албай турушат.

XS
SM
MD
LG