Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Сооронкулова: Садыр Жапаровдун артында Жээнбеков - Матраимов кланы турат (видео)


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова 6-октябрь күнү кечинде болгон дайындоо чечимдерин мыйзамдуу деп эсептебейт. Бул боюнча саясатчы атайын билдирүү жасады:

«Эч кимге маалымат бербей эле депутаттар чогулуп алып жыйын өткөрүшкөн. Ага катышкандардын көпчүлүгү «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер болгон депутаттар экен. Бул өтө чоң шектенүү жана кооптонуу жаратууда. Кечээки жыйынга катышкандардын артында Жээнбеков менен Матраимовдордун кланы турушу мүмкүн деп эсептейбиз. Төңкөрүштү кайсы бир саясий күчтөргө ыйгарууга болбойт. Революцияны эл жасады, бийлик да - элдики. Юридикалык бардык эрежелер бузулду. Жогорку Кеңештин отурумунун кворуму болгон жок. Өкмөт башчы менен спикерди шайлоо өтө одоно мыйзам бузуу менен ишке ашты. Мындай башаламандыкка жол бере албайбыз. Биз депутат Мыктыбек Абдылдаевди бийликке умтулган ар кандай күчтөрдүн кол жоолугу болбой, спикерлик кызматтан баш тартууга чакырабыз. Алар бийликти басып алышты. Дайындалган өкмөт башчы менен спикердин мыйзамдуулугун тааныбайбыз».

Сооронкулова баш болгон топ Өкмөт Үйүнө барып, бийликтин мыйзамдуу орношун талап кылышарын билдирди. 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакыруу үчүн кол топтоп, эки жерде чогулду. «Достук» мейманканасында чогулган депутаттар тобунун жыйынына VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров көрсөтүлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG