Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Президент Жээнбеков элге экинчи жолу кайрылды


Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

Бүгүн, 7-октябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу элге кайрылды.

«Мага «митингге чыккандарды күч менен тынчыталы» деген катуу талаптарды койгондор да болду. Мен муну четке кактым. Анткени бул кагылышка алып келмек. Өзгөчө абал киргизүү жөнүндө даярдалган жарлыкка да ушундан улам кол койгон жокмун. Жер-жерлерде «митингге чыгабыз» деген мекендештеримди токтоттум. Бизге азыр жаат-жаат болуп бөлүнүү канчалык коркунучтуу экенин көрүп турабыз», деп жазылган президенттин кайрылуусунда.

Президент Жээнбеков бийликке жетүүнү каалагандар эңсегенине жетишкенин белгилеп, аларды көчөгө чыгарып жаткан тараптарды, саясий лидерлерди мыйзам жолуна түшүүгө чакырган. Мамлекет башчы ошондой эле жаштарга кайрылып, жарандардын жана мамлекеттин тынчтыгын, мүлкүн сактаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген.

«Кимдин баалуулуктары кандай экенин акыркы эки күндө так-даана көрө алдык. Силер, жаштарыбыз, бийлик талаш менен алек болуп отурган улуу агай-эжелериңерге бул күндөрү татыктуу үлгү көрсөтүп жатасыңар. Силер бийлик, мансап, кызмат эмес, Кыргызстандын өзү керек экенин дагы бир жолу көрсөттүңөр. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экенин сөз менен эмес, өз иш-аракетиңер менен далилдей алдыңар», деп белгилеген президент Жээнбеков бардык тараптарды мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюуга чакырган.

Ал ошондой эле тынчтыкты камсыз кылып, коомдук тартипти орнотуу - учурдун башкы талабы экенин белгилеп, эч кандай бийлик же кызмат адам өмүрүнөн жогору эмес экенин билдирген. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Президент Жээнбековдун 6-октябрда видео кайрылуу жасап, анда шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болгонун билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбековду оппоненттери жана эксперттер нааразы тарап менен эртерээк сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй, кырдаалды курчутуп жиберди деп күнөөлөп жатышат.

Парламенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй добуш сатып алуулар менен коштолду деп эсептеген саясий партиялардын тарапкерлери анын тыянактарын жокко чыгарууну, кайра шайлоону талап кылып 4-октябрда митингге чыгышкан. 5-октябрга караган түнү бийликтин желим ок атып, кууп таркатканына карабай, административдик имараттарды ээлеп алышкан.

Депутаттар тобунун абактан бошотулган Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшү айрым саясий күчтөрдү, жаштарды кайрадан Ала-Тоо аянтына митингге чыгарды. Алар Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүн атайын жасалган кутум деп баалап, «мунун башында турат» деп президентти айыпташты. Акциянын катышуучулары мамлекет башчыны кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүү процедурасын - импичмент жарыялоону талап кылышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG