Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады


Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин. Архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин. Архивдик сүрөт.

7-октябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында:

«Кыргыз-орус кызматташтыгын, мамилесин бекемдөөдөгү сиздин ролуңуз Кыргызстанда жогору бааланат. Кыргызстан дайыма Орусиянын ишеничтүү жана туруктуу союздашы болуп келген жана болуп берет», деп жазылган.

Жээнбеков Путинге бекем ден соолук, жакшылык жана ийгилик, ал эми Орусия элине бакубатчылык каалаган. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Парламенттик шайлоонун тыянагына нааразы болуп, мөөнөтсүз митингге чыккан партиялардын тарапкерлери 6-октябрга караган түнү президент жана анын аппараты жана парламент жайгашкан имаратты, УКМКнын имаратын басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон.

Ушул тапта Сооронбай Жээнбековдун кайда экени белгисиз. Президент Бишкекте экенин анын маалымат кызматы кабарлаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG