Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Жапаров анын талапкерлигин канча депутат колдогонун так айта алган жок


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Эки күн мурун жактоочулары абактан чыгарган Садыр Жапаров өзүн премьер-министрликке талапкер кылып көрсөтүү тууралуу 6-октябрда "Достук" мейманканасында өткөн жыйында кабыл алынган чечимге канча депутат добуш бергенин так айта алган жок.

Ал журналисттин “Сессияда 67 депутаттын баары отурдубу?” деген суроосуна “Мен билбейм. Мен санаган жокмун. Түз эфир болду, силер көрдүңөр. Өзүңөр санагыла”, - деп жооп берди.

Дагы бир журналисттин “Сизге добуш берди делген депутаттар кимдер жана аларды далилдеп бере аласызбы?” деген суроосуна так жооп бере алган жок.

“Кол койгондон кийин турат да. Кимде турат? Жогорку Кеңештеби? Барып сурап албайсыңарбы” - деди.

Жапаров 7-октябрда түштөн кийин басма сөз жыйынын өткөрүп, өзүн "толук кандуу мыйзамдуу өкмөт башчымын" деп билдирди.

Анын талапкерлигин өкмөт башчылыкка сунуш кылган бир нече депутаттын талаштуу чечимине саясий топтор жана жаштар кыймылдары кескин каршы чыгып, 7-октярда "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүштү. Алар Садыр Жапаровду "Жээнбековдордун, Матраимовдордун кландары менен жең ичинен сүйлөшүп алды" деп күнөөлөп жатышат. Аянттагы жаштар люстрацияны талап кылууда.

6-октябрда "Достук" мейманканасында чогулган депутаттар 6-чакырылыштын вице спикери, "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакировдун төрагалыгында жыйын куруп, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун жана өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун ээлеген кызматтарынан ыктыярдуу түрдө кетүү тууралуу арыздарын кабыл алып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасын жүргүзгөн.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров сунушталган.

Бирок юристтер бул жерде Баш мыйзамдын бир нече беренеси бузулганын белгилешет. (BCh)

XS
SM
MD
LG