Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Вице-спикер Касымалиева: Биз укук алкагына сөзсүз кайтып келебиз


Аида Касымалиева, Жогорку Кеңештин вице-спикери, «Биримдик» партиясынын депутаттыкка талапкери.
Аида Касымалиева, Жогорку Кеңештин вице-спикери, «Биримдик» партиясынын депутаттыкка талапкери.

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын вице-спикери, КСДП фракциясынын депутаты, «Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Аида Касымалиева «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды.

«Биз укук алкагына сөзсүз кайтып келебиз. Өлкөнүн эгемендигин сактап калабыз. Президент мөөнөтү бүткүчө иштеп, өзү ар дайым айткандай, эл арасында сый-урмат менен жашайт. Анын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү - сынды туура кабыл алып, каталардын үстүндө иштегенинде. Дымактардын айланасында эмес, өлкө жана элдин бүтүндүгү үчүн биригүү убактысы келди».

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө талап менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.

Бул окуялардан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге үч ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.

Легитимдүү бийлик органы катары саналып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогула албай жатышат. Буга чейин депутаттар эки бөлүнүп кеңешке чогулганы кабарланган. (BCh)

XS
SM
MD
LG