Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:33

Арааны ачылган админресурс


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун тарапташтарынын мыйзамсыз үгүт иштери боюнча укук коргоо органдарына кайрылды.

Жапаровго байланыштуу төрт арыз түштү

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) президенттик шайлоого байланыштуу баш-аягы 18 арыз даттануу келип түштү. Алардын төртөө шайлоонун үгүт иштери башталган убакытка туура келет жана бардыгы президенттикке талапкер Садыр Жапаровго тиешелүү.

Боршайкомдун ыкчам аракеттенүү тобу арыздарды териштирүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине (ИИМ) кайрылды.

Алардын арасында «Мегаком» мамлекеттик ишканасынын директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбековго байланыштуу материал бар.

Ал 16-декабрда «Фейсбуктагы» баракчасына Талас облусунда Садыр Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушуусунан сүрөт коюп, анын алдына «Талас эли Садыр Жапаров менен» деп жазган.

Боршайкомдун маалыматына караганда, Жунусбеков учурда мамлекеттик мекеменин кызматкери катары үгүт иштерине катышууга акысы жок.

Гүлнара Журабаева.
Гүлнара Журабаева.

«Мен Башкы прокуратурага Төрөхан Жунусбеков жумуштан өргүү алып үгүт ишинде жүрөбү аныкташ керектигин айттым. Негизи мамлекеттик бюджеттен айлык алган кызматкерлердин үгүт өнөктүгүнө тартылышына толук тыюу салыш керек. Себеби, мамлекеттик кызматкерлердин жетекчилери кайсы бир талапкер менен байланышы бар болуп чыгат», - деди БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева.

БШК Жунусбековдун окуясын иликтеп чыгуу үчүн Башкы прокуратура менен ИИМге кайрылды. Президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоодогу үгүт иштерин 15-декабрда Талас облусунан баштаган.

Төрөхан Жунусбеков сүрөттү ошол жолугушуудан кийин салган. Ал «Мегаком» мамлекеттик ишканасынын директорунун кеңешчиси мамлекеттик же муниципиалдык кызмат деп эсептелбей турганын жүйө кылып, мыйзам бузулбаганын айтты.

«Мыйзамда кеңешчи кеңеш берсе, жетекчи сөзсүз чечим кабыл алыш керек деген норма жок. Мен керек болсо кандайдыр бөлүмдүн башчысы эмесмин. Мени «үгүт кылыптыр» деп да айтып жатышат. Эч кандай үгүт болгон эмес. Ал жерге адамдар менен кошулуп эле программасын угуш үчүн баргам. Үгүт кылып, чакырык жасаган жокмун».

Төрөхан Жунусбековдун «Фейсбуктагы» баракчасына жазган билдирүүсү.
Төрөхан Жунусбековдун «Фейсбуктагы» баракчасына жазган билдирүүсү.

«Мекенчил» партиясынын мүчөсү Төрөхан Жунусбеков 8-декабрда «Мегаком» соода маркасы менен иш жүргүзгөн «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын директорунун кеңешчиси болуп дайындалган. Ал Кыргызстанда октябрь окуяларынан кийин Бишкек шаарынын мэри болууга ниетин билдирген.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, диний ишмерлер үгүт жүргүзө албайт. Бул административдик ресурсту колдонуу катары бааланып, тыюу салынган. Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер шайлоо убагында өргүүгө чыгып, үгүт ишине катышкан учурлар көп. Буга чектөө жок.

Коштоп жүргөн күзүтчүлөр кимдер?

БШК «Садыр Жапаровду «Мамлекеттик күзөт кызматынын адамдары коштоп жүрөт» деген маалыматтар боюнча да материалды териштирип жатат. Ушул күндөрү шайлоочулар менен жолугушууда Жапаровдун жанында бир нече адам жүрөт. Алар «Садыр президент» деген үгүт кийимдерин кийип алышкан.

«Factcheck.kg» порталы чакан иликтөө жасап Жапаровду коргоп жүргөн адамдар ким экенине кызыкты. Сүрөттөрдө алардын кулагынан байланыш үчүн атайын жабдыктарды көрсө болот. Колдорунда атайын коопсуздук жабдыктары да бар.

25-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун Нарынга болгон иш сапары учурунда кайтарып жүргөн мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери менен үгүт иштеринде жүргөн адамдар жана алар кийген кийимдер окшош.

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев бул окуя боюнча комментарий берди.

«Садыр Жапаров талапкер болгону менен ал премьер-министрлик кызматты убактылуу токтотту. Ошондуктан ага кайтаруу берилсе болот. Анткени статусу бар. Бирок күзөт кызматкерлери Жапаровду колдоо боюнча кийимдерди кийип алып «Садыр президент» дегени мыйзамсыз. Муну БШКнын жумушчу тобу карап чара көрүш керек».

«Садыр Жапаровду Мамлекеттик күзөт кызматынын адамдары коштоп жүрөт» деген сүрөттөр боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) азырынча жооп бере элек. Жапаров жана анын тарапташтары да үн каткан жок.

Садыр Жапаровдун Токтогул шаарында эл менен жолугушуусу. 16-декабрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаровдун Токтогул шаарында эл менен жолугушуусу. 16-декабрь, 2020-жыл.

Коркутуу менен коштолгон үгүт

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров шайлоонун үгүт иштериндеги бут тосуулар тууралуу маселе көтөрдү.

Ал КТРКдагы кайрылуусунда шайлоочулар менен жолугушууну Ысык-Көл облусунан баштоону пландап, бирок коркутуулардан улам болбой калганын айтты.

«Биздин жигиттер, Мадумаровдун штабын түзүп жаткандар менден жалынып-жалбарып суранышты. «Бизде жаш азаматтар пайда болду» дейт. «Эгерде кимде-ким «бир жигиттен башка талапкерге чуркаганын көрсөк барып үйүңөрдү өрттөйбүз» деген коркутуу менен жүрөт» дейт. Азамат, баракелде. Биз ушуну күттүк беле? Биз ушуну элдик бийлик деп эсептейбизби? Биз ушуну маданияттуу өлкө деп атай алабызбы? Парламенттик шайлоодо Кара-Кулжада кээ бир эсиргендер «биздин райондон сыртка бир да добуш чыкпайт» деп чыгышты эле. Натыйжасы эмнеге алып келди? Аны көрүп жатасыздар. Эми бүтүндөй бир өрөөндө, Кыргызстандын көз жашындай болгон Ысык-Көлүбүздө ушундай ураандарды таштап койгондук – бул жапайычылыктын жеткен чеги».

Адахан Мадумаров үгүт иштеринде административдик ресурс да колдонулуп жатканын жарыялады. Анын айткандары боюнча, кээ бир аймактарда бир талапкерге айыл аксакалдарынан тартып мугалимдерге чейин топтоп берип, айрым талапкерлердин чогулушуна бут тосуу болуп жатат. БШКнын ыкчам аракеттенүү тобу бул маалыматты да териштире баштады.

Мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын төрагасы, вице-премьер-министр Максат Мамытканов Ысык-Көл облусуна жасаган иш-сапарында Мадумаровдун коопсуздугун камсыздоого убада берди.

Садыр Жапаров 18-декабрда Өзгөн районунда шайлоочулар менен жолугушуу маалында ушул маселеге көңүл буруп, мугалимдерди, мамлекеттик кызматкерлерди шайлоо өнөктүгүнө тартууга каршы экенин билдирди:

«Адахан Кимсанбаевич «көлгө барсам мени киргизбей, административдик ресурс колдонулду» деп айткан экен. Жок, андай эмес. Мен бардык аймактарга айтып жатам, «кайсы талапкер болбосун кучак жайып тосуп алгыла» деп жатам. Программасын уккула, жакшынакай узатып койгула. Анан программасына карап көкүрөгүңөр менен өз каалооңорго жараша добуш бергиле».

Кыргызстанда кандай гана шайлоо болбосун административдик ресурс колдонулуп жатканы тууралуу арыз-даттануулар көп түшөт. Садыр Жапаров бул көйгөйдү жок кыларын, шайлоо бардыгына бирдей шартта өтөрүн кайталап келет.

Саясий илимдеринин кандидаты, доцент Орозбек Молдалиев мындай убадаларга ынаган жок.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Бизде бул «оору» жакында айыкпайт. Садыр Жапаров «мага үгүт кылгыла» деп айтпаганы менен ал үчүн чуркап жүргөндөр бар да. Кыргызстанда административдик ресурстун эки түрү бар. Биринчиси - бийлик кызматка койгон адамдар ушул абалды сактап калгысы келет. Алар «Садыр президент болсо биз ордубузда калабыз» деп Садыр Жапаров айтпаса деле жанталашып үгүт кыла беришет. Экинчиси - аймактарды кыдырып «бизде майкөл-сүткөл жашоо болот» деп айткандарына ишенгендер бар. Жетим Тоонун темирин сатып эле Сауд Арабиядай жашайбыз деп ишенгендер көп. Азыр сайттарга «Садыр Жапаровдун күзөтчүсүнөн бери үгүт кылып атыптыр» деп маалымат чыкты. Ушундан кийин шайлоону калыс өткөрүү ниети көрүнгөн жок. Айткан сөздөрү бир, жасаган иштери башка. Албетте бир да киши «мен үгүт кылгыла деп буйрук бергем» деп айтпайт. «Баары калыс болуп атат. Шайлоо таза өтөт» деп эле айтып келатышат да».

Президенттикке талапкерлердин үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Бул кызмат үчүн 18 талапкер ат салышууда. Президенттик кезексиз шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

XS
SM
MD
LG