Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Ошто Кылычбек Саркарбаев камалды


Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен кармалды.

Атайын кызмат анын кылмыш дүйнөсүнө жакындыгы да аныкталып жатканын кабарлаган. Ош шаардык мэриясы Кылычбек Саркарбаев кызматтан бошотула элек экенин билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдиргендей, Кылычбек Саркарбаев 2006-жылы Кылмыш кодексинин 167-беренеси («Талап-тоноо») менен күнөөлүү деп табылып, бир жылга шарттуу кесилген. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун билдиргенине караганда, ал кылмыш ишин жаап-жашыруу максатында паспортундагы «Сулайманов» деген фамилиясын «Саркарбаев» кылып өзгөрткөн.

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Бул фактыны жашыруу максатында фамилиясын өзгөртүп, документ жасаткан жана Ош шаарынын спорт комитетинин жетекчиси болуп жумушка кирген. Бул фактынын негизинде учурда Саркарбаев кармалып, УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди», - деди УКМКнын өкүлү.

Кылычбек Саркарбаев өзү буга чейин журналисттерге берген интервьюсунда фамилиясын өзгөртүүгө техникалык катачылыктардан улам гана барганын айткан эле. Ал эми анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева Кылычбек Саркарбаев менен сүйлөшкөнүн жана ал фамилиясын өзгөртүп, паспорт алууда эч кандай мыйзам бузулбаганын айтканын билдирди.

«Саркарбаев менен сүйлөштүм, ал паспортун мыйзам чегинде эле алганы тууралуу көрсөтмө берип жатат. Биз азыр тактап жатабыз, паспорт алууда эч кандай эрежелерди бузган эмес экен. Саркарбаев «эч кандай мыйзамды бузган эмесмин» деп айтып жатат», - деди адвокат.

УКМК Кылычбек Саркарбаев «Женго» деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досонов менен жакын байланышы бар экенин, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бир катар чатактарына катышканын билдирүүдө.

Быйыл 30-ноябрда атайын кызмат Кадыр Досоновдун оор кылмышка тиешеси бар экендигин аныктаганын жана ага издөө жарыяланганын кабарлаган.

Кылычбек Саркарбаевдин аты акыркы жылдары бир топ чуулгандуу иштерде аталып келди.

Ош облустук милициясы Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун атканы жөнүндө маалымат тараткан. Андан көп өтпөй Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан эле. Бирок кийинчерээк, тагыраагы ушул жылдын февраль айында Төлөгөн Рахманберди уулу Кылычбек Саркарбаев менен Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов ур-токмокко алганын айтып, ошол учурдагы президентке видео кайрылуу жиберген.

Төлөгөн Рахманберди уулу.
Төлөгөн Рахманберди уулу.

«Кылыч Саркарбаев автомат менен бутума атып, анда да ооруканага жатып, Мунарбек Раимбеков менен Кылыч Саркарбаев келип, башыма тапанча такап, коркутуп, «каматабыз, арыз жазсаң өлтүрөбүз» дегенинен жазган жокмун» , - деген Төлөгөн Рахманберди уулу.

Бул жагдай териштирилип жатканда, 2020-жылдын 17-февралында Саркарбаев өзүнүн арызынын негизинде шаардык спорт комитетинин жетекчилигинен убактылуу четтетилген. Августта кайра кызматына кайтып келген. Анда Ош мэриясы кылмыш иши кыскартканы үчүн кайра кызматка келгенин билдирген.

Ошол эле учурда Ички иштер министрлиги «тергөө иштери аяктай элек» экенин маалымдаган. Бирок августта кызматына кайтып келген Саркарбаев дароо эле «парламенттик шайлоого байланыштуу» деп 20-августтан 6-октябрга чейин акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыккан. Бирок ал парламенттик шайлоого талапкер катары катышкан эмес. Андан кийин 5-ноябрдан 9-декабрга чейин да кайрадан эмгек өргүүсүнө чыккан.

Ош шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров Саркарбаев шаардык спорт комитетинин төрагасынын кызматынан бошотула элек экенин ырастады. Бирок анын кызмат орду жакынкы күндөрү сөзсүз каралчу маселе экенин билдирди:

«Чынын айтканда Кылыч Саркарбаевге өз арызы менен кетүү боюнча айтылган, мэрия тараптан. Анан «ушул эмгек өргүүсүнөн кийин кетем» деген сөз болгон экен. 9-декабрда эмгек өргүүсү бүтүп жатат, бирок андан бери карала элек болчу. Бирок эми УКМК жана укук коргоо органдары шектүү катары кармагандыктан сөзсүз түрдө кызмат орду каралат».

Юрист Нургазы Абдувалиев эгер Кылычбек Саркарбаевге коюлган айып тастыкталган болсо, ага паспорт берген мекеме менен кошо андагы бул ишке тиешеси бар кызматкерлердин да жоопкерчилиги каралышы керек деп эсептей турганын айтты:

«Женго» менен түрмөдөн чыкканда ал экөө көрүшүп чыккан да.

«Биринчи кезекте жасаган адам жана жасаткан жана Кылыч Саркарбаев түздөн-түз өзү - ошол экөө жооп берет. Ал эми башка органдардын жоопкерчилиги тууралуу айта турган болсок - жумушка кабыл алаарда алар билдиби же билбедиби? Саркарбаев жумушка сүйлөшүп эле кирип алган го дейм. Ал эми уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар дегени Интернетте деле жүрөт. «Женго» менен түрмөдөн чыкканда ал экөө көрүшүп чыккан да. Ал далил мурда эле бар болчу».

Кылычбек Саркарбаев Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык EREM спорт клубунда машыгып келген. Ушундан улам ал чуулгандуу иштерде аталган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун жакын кишиси катары сыпатталат. Саркарбаев буга чейин «Азаттыктагы» маегинде: «Ал кишини тааныйм, кимдер гана тааныбайт? Аны спортко колдоо көрсөткөн, демөөрчү болгон киши катары тааныйм», - деп айткан.

«Үмүт - 2020» кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Нурсултан Акылбек Кылычбек Саркарбаев менен Мунарбек Сайпидинов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакын адамдарынын бири болгону үчүн мурдагы бийлик ага чара көрбөй келгенин белгиледи:

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

«Кылычбек Саркарбаев менен Мунарбек Сайпидинов криминалга жакын адамдар экени билинген. Матраимовдун жакын адамдарынан болгондуктан коомго белгилүү болгон кылыктары үчүн жооп бербей келген. Балким бул кармалып жатканы Матраимов алсырап баратканынан кабар берет. Бирок Матраимов өзү кармалган жок».

33 жаштагы Кылычбек Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарып келет. Чуулуу иштерде аты аталганына карабай Ош мэриясы 2019-жылы жаңы жылдык кечеде Саркарбаевге «эң мыкты жаш жетекчи» деген наам ыйгарып, ал коомчулуктун сынына кабылган болчу. Ал өзүн эрежесиз эр уруштун чебери катары көрсөтүп келет. Акыркы жылдары өзү жеке спорт зал ачып, бир топ жаштарды спорттун эрежесиз мушташ түрү боюнча машыктырып жүргөн.

ИИМдин мурдагы жетекчилигинин учурунда таратылган маалыматка караганда, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн үч кылмыштуу топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

XS
SM
MD
LG