Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Жетекчилерди сынаган Жетим-Тоо


Жыргалбек Сагынбаев, Садыр Жапаров, Ишенбай Кадырбеков, Өмүрбек Текебаев. Кендин фонунда. «Азаттыктын» коллажы.
Жыргалбек Сагынбаев, Садыр Жапаров, Ишенбай Кадырбеков, Өмүрбек Текебаев. Кендин фонунда. «Азаттыктын» коллажы.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенине байланыштуу талаш-тартыш кайрадан күн тартибине чыкты. Президенттик аппарат «кен Кытайга сатылат» деген маалыматтарды төгүндөдү.

Премьер-министрлик кызматын убактылуу тапшырып, президенттикке аттанган Садыр Жапаров да бул боюнча үн катты.

Мурдараак айрым саясатчылар мамлекеттик карыздын ордуна аталган кен коңшу өлкөгө берилип жатканын кабарлаган.

Берилет, берилбейт…

Жетим-Тоо кени тууралуу коомчулуктагы чуулуу кептер жөнүндө президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов 17-декабрда расмий билдирүү таратып, жооп берди.

Ал Нарындагы бул кен кара жана түстүү металлдын кору боюнча республикадагы эң ири объект болуп саналарын белгилеп, учурда иштетүү аракеттери башталганын маалымдады.

Нургазы Анаркулов.
Нургазы Анаркулов.

«Акыркы убактарда айрым бир саясатчылар «Жетим-Тоо темир кени кытай компаниясына берилди, ал компания кенди иштетүү менен катар кийин жерибизди алып коёт» деген чындыкка дал келбеген маалыматтарды тарката баштады. Мындай жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдүн натыйжасында коомчулуктун башы айланып, бийлик органдарына жана инвесторлорго карата терс маанай менен чыңалуу күчөп жатат. Мындай билдирүүлөрдүн баары жалган жана алардын бир гана максаты - шайлоо алдында өлкөдөгү кырдаалды курчутуу экенин расмий билдирем. Жетим-Тоо темир кени мамлекеттин менчигинде жана бир да чет элдик компаниянын кенди чалгындоого жана иштетүүгө укугу жок. Бул кендин келечектүү деген Даңгы тилкесинде темирдин кору болжол менен 539 млн. тоннаны түзөт. Мамлекет бул темир кенин өз алдынча иштетүүнү пландап жатат, ал үчүн өзүнчө бир мамлекеттик ишкана түзүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Бийлик өкүлү кенди өз алдынча иштетүү Нарын облусунда жаңы өндүрүштү ачууга жана кошумча миңдеген жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болорун, андан түшкөн кирешенин баары Кыргызстанда каларын белгиледи.

Анаркулов Жетим-Тоо темир кенин иштетүүнүн мөөнөтү 55 жылдан ашуун убакыт деп эсептелгенин, алдын-ала эсептөөлөргө ылайык, жылына бир эле Даңгы тилкесин иштетүүдөн түшө турган киреше 200 млн. АКШ долларын түзөрүн да кошумчалаган.

Кенге байланыштуу жаңы талкуу 2020-жылдын октябрь айындагы окуяларда бийлик алмашкандан кийин чыккан. Тагыраагы өкмөт башчылык жана президенттик милдетти бир колго алган Садыр Жапаров бул жөнүндө 14-ноябрдагы басма сөз жыйынында кеп козгогон.

Ал Кытай мамлекетине болгон карыздан кутулуунун жолу катары Жетим-Тоонун кенин чийки зат катары берүү ыкмасы сөз болгонун айткан. Ошол эле учурда Жапаров тоо өзү коңшу өлкөгө берилбей турганын, карызды төлөөнүн башка жолдору табыларын тактаган.

Ага карабай бул жагдай эл арасында, анын ичинде социалдык тармактарда кызуу талкууларга жем таштаган. Анын ичинде бир катар саясатчылар Садыр Жапаровдун сөзүн сынга алып чыгышкан.

9-декабрда «Next TV» телеканалындагы маегинде коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Садыр Жапаров бийликке келсе бул кен Кытайга өтөрүн белгилеп, келерки президенттик шайлоо тагдыр чечүүчү шайлоо болорун эскерткен:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«Эгерде президентибиз кыйшык отурса, теңирден тескери саясат жүргүзсө, аны токтото турган күч жок калат. Ал эртең эле Жетим-Тоону Кытайга жөн эле өткөрүп берип койсо эмне кылабыз? Садыр Жапаров «Жетим-Тоону четинен кытайларга берип, миллиарддаган акчаны алам» деп сөзүнүн четин чыгарып салбадыбы. Президенттик башкаруу болуп калса, ал парламенттен сурабайт, «мына, бердим» деп коёт, эмне кыла аласың? Жетим-Тоо деген эмне? Бул эң аз дегенде 47 млрд. доллар деген сөз. Андагы байлык Кумтөрдөн он эсе чоң. Жетим-Тоо кайсы мамлекеттин колунда болсо, дүйнөдөгү металлдын наркын ошол мамлекет белгилейт. Алар канча жылдан бери ушуну алабыз деп жүрүшөт. Кытайдын прагматикалык кызыкчылыгы бар. Аларга Кыргызстандын өз алдынчалыгы, же башка маселе кызыксыз. Дүйнөдө алтындын эң чоң запастарын алып отурган жерди алыш үчүн каалаган нерсеге барат. Керекпи, өз кишилерин коёт, эптеп Жетим-Тоону алыш керек. Керек болсо аларга Кумтөрдүн да кереги жок. Болбосо «мамлекеттештириш керек» деп айтып келе жаткан Садыр Жапаров бекеринен «Кумтөрдүн алтыны калбай калыптыр» деп айткан жок да. Демек, кимдир-бирөө «Кумтөрдү ташта, бизге Жетим-Тоо керек» деп сигнал бергендей болуп жатат. Буга ишенбейин дейсиң, бирок маселе ошого келатат да. Жетим-Тоо - Кыргызстандын мамлекет катары келечегин чече турган байлык. Буга кезинде «СССРдин келечеги» деп, тийишкен эмес. Азыр болсо «чекесинен берип эле, миллард долларды ала беребиз» деп жатышат. Чекесине эмес, Жетим-Тоонун баарына берди, лицензияны. Ал мамлекеттин ишканалары кирчү болсо аларды чыгара албайбыз, керек болсо алар аскерин киргизип коё алат».

Премьер-министрлик кызматын убактылуу тапшырып президенттикке аттанган Садыр Жапаров буга байланыштуу жообун талапкер болуп катталып, үгүткө уруксат берилген 15-декабрь күнү жарыялаган. Ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу бул социалдык түйүндөгү «Садыр Жапаров» тайпасында Кадырбековду «бузуку, саткын» деп атап, анын айыптоолорун төгүндөгөн.

16-декабрда Токтогул районунда шайлоочулар менен жолугушуу учурунда да, ал ушул боюнча суроого жооп берип жатып, экинчи жолку билдирүү жасады:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Мага «урматтуу Садыр Нургожоевич, Ишенбай Кадырбеков сизди «Жетим-Тоону Кытайга берип салды» деп жатат» деген суроо келиптир. Бул карандай калп нерсе. Жетим-Тоодо беш-он жылга эмес, 500 жылга жете турган чийки зат бар. Бул мамлекеттин, жаштардын келечеги. Мунун бир пайызын да эч кимге бербейбиз. Буга көп акылдын, көп каражаттын кереги жок. Өзүбүздүн күчүбүз менен иштетсек болот, өзүбүз иштетебиз. Кудай буйруп, президент болуп шайланып калсам, аны иш жүзүндө көрсөтөм. Бул биздин экономикалык саздан сууруп чыга турган долбоор болот. Ачык эле айтайын, бул боюнча иш баштап койгонбуз. Премьер-министр болуп шайланган күндөн баштап, балдарга тапшырма бергем. Мамлекеттик ишкана ачылат, анын башына Темир Сариевди сунуш кылгам. Ал экономикалык багыттагы башка балдар менен иш алып барып жатат. Кудай буюрса, келе жаткан жылдын жай же күз айларында иштетип калабыз деген максатыбыз бар. Аны 100% өзүбүз иштетебиз. Бир да инвестордун үлүшү болбойт, бир да чет элдик киши катышпайт. Баарын Кыргызстан өзү иштетет, 2-3 миңдей иш орун түзөбүз, биздин мамлекеттин гана жарандары иштейт».

Мурдагы премьер-министр, аты аталган саясатчы Темир Сариев «Азаттыкка» түзүлүшү пландалып жаткан ишкана жана Жетим-Тоо кенин иштетүүгө байланыштуу комментарий бере албай турганын айтып, кийинчерээк маалымат тарата турганын билдирди.

Кендин тарыхы

Геологиялык чалгындоолордун жыйынтыктарына таянсак, Нарын облусунун Нарын районундагы Жетим тоо кыркаларындагы (Хребет Джетим) кен союз учурунда, 1956-жылы ачылган.

Кытай менен чектешкен жердеги бул тоодо темирдин запасынын узундугу 70 чакырым, туурасы 10 чакырым деп эсептелген. Тоо-таштын курамынын 15,4-46,3% темир түзөт. Айрым изилдөөлөрдө, анда алтындын жана башка кендердин да кошулмасы бар экени белгиленет.

Жалпысынан алганда, кен үстүртөн гана изилденген. Алгачкы изилдөөлөрдө анда С2 категориясындагы темир рудасынын 5,5 млрд. тонна (1,74 млрд. тоннасы темир) запасы аныкталган. Бирок кийин, 1980-жылкы изилдөөлөрдө таза темирдин көлөмү тоодо 10 млрд. тоннадай экени болжолдонгон.

Кыргызстандан эгемендик алгандан кийинки божомолдордо кара металлдын көлөмү кенде 3,5 млрд. тонна деп белгиленген. Ушул сумма деле Жетим-Тоону дүйнөдөгү темирдин ири запасын камтыган кендердин катарына кошот.

Жетим-Тоонун картадан көрүнүшү. «Google Maps» сервисинен алынган скриншот.
Жетим-Тоонун картадан көрүнүшү. «Google Maps» сервисинен алынган скриншот.

Ачык булактарда, 2005-жылдардан кийин тоодо «Тенли» аттуу кытайлык компания чалгындоо иштерин жүргүзгөнү айтылат. Бирок расмий маалыматтарга ылайык, биринчи лицензия 2009-жылдын 14-декабрында «Арт Майнинг» («Art Mining») аттуу фирмага берилген.

Юстиция министрлигинин кабарына ылайык, «Арт Майнингге» «Биринчи курулуш компаниясы» аттуу юридикалык жак ээлик кылган. Анын кожоюндары Ульяна Пак жана Денис Гладышев болгон. Бул эки жаран кезинде ошол убактагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен байланышы болгону маалымдалган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, парламент депутаты Өмүрбек Текебаев ушул күндөрү жасаган билдирүүсүндө бул жөнүндө өзүнчө белгилегени бар.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Кыргызстандагы, керек болсо дүйнөдөгү эң ири кендердин бири Жетим-Тоого лицензияны 2009-жылы Бакиевдер өздөрүнө 300 сомго алып алышкан. Ошол фирманын 80% Максим Бакиев кытайлык компанияларга 20 млн. долларга сатып жиберет. Өзү болгону 20% алып калат. Анан кытайлык компания кенди иштетип баштаганда, 2009-жылы нарындыктар, жетиөгүздүктөр көтөрүлүп чыгат. Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр, ошонун ичинде биз «Ата Мекен» партиясы да каршылык акциясын колдоп чыкканбыз. Бирок элди бакиевчилер тоготкон эмес. Жетим-Тоонун запасы 5-6 млрд. тонна темир, мунун баасы 80-100 млрд. доллар. Кумтөрдөн да чоң. Ушундай байлыгыбызды Максим Бакиев 300 сомго алып, чет элдиктерге арзан карматып жиберген. Бул коррупция, тоноо экендигин бүт эл көрүп, кыйкырып турду. Бирок ошол кездеги Коррупцияга каршы күрөш агенттигинин комиссары Садыр Жапаров үн каткан эмес. Эмне, ал сокур, дүлөй же дудук беле? Макул, Максимди убагында кызматынан, бизнесинен корксун. Бирок Максимдин кеткенине он жыл болду. Жапаров ушул аралыкта бул Кыргызстандагы эң чоң коррупциялык иш болгонун айтып койсо, адилеттүү болмок. Кенди биз көтөрүп жатып алып калганбыз», - деди Өмүрбек Текебаев.

Арийне, 2010-жылдын январында «Арт Майнинг» кайрадан каттоодон өтүп, анын 20% «Биринчи курулуш компаниясы» жана 80% Кытайдын жараны ​Фу Пэң кожоюндук кылган «Майлин Ресурс» («Mylin Resource») аттуу компания ээлик кылып калат. 2010-жылдын 26-мартында болсо 20% үлүш «Рудник Жети-Тоо» аттуу фирмага өтөт, калганы кытайлык компаниянын өзүндө калат.

«Майлин Ресурс» бул тушта Кытайдын өзүндө темирди иштетүүчү завод салганы да кабарланат. Бирок өлкөдө төңкөрүш болуп кеткендиктен Кыргызстанда өндүрүштү баштай албай калат. Бийликти колуна алган Убактылуу Өкмөт бул лицензияны жокко чыгарат.

Мындай чечимге макул болбогон компания кийин Алмазбек Атамбаев президент болгон учурда, 2012-жылы сотко берип, лицензиясын кайра утуп алат.

Тиешелүү төлөм берилбей, өндүрүш башталгандыктан геология боюнча мамлекеттик органдын комиссиясы 2013-жылы уруксатты кайрадан тартып алат. 2014-жылы район аралык сотто мамлекеттик орган утса, 2015-жылы Бишкек шаардык сотунда кытайлык компания утат.

Бул соттошуу алгачкы жылдары коомчулукка белгисиз болот. Ал 2015-жылдын 15-декабрында парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын кенен жыйынында гана ачыкка чыгып, кайрадан резонанска түшөт. Мындан кийинки, тагыраагы 2016-жылкы соттошууларда Жетим-Тоого болгон лицензия мамлекетке кайтарылат.

Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев басма сөз жыйынында буларга токтолду:

Жыргалбек Сагынбаев.
Жыргалбек Сагынбаев.

«Расмий түрдө билдирем, Жетим-Тоо кенине бүгүнкү күндө эч кимдин лицензиясы жок. Бир компания болобу, инвестор болобу, эч кимге карабайт. Муну мамлекет соттошуп жатып, бүт соттордо утуп алган. Ал толугу менен мамлекеттин менчиги болуп саналат. Кендин запастары 3 млрд. тоннадан ашык. Муну биздин мамлекет өзүбүз иштетсек, бюджетибизге чоң эле салым болот. Ошого байланыштуу ишкананы түзүү маселесин жумушчу топ карап жатат. Ал мамлекеттик ишкана болобу, акционердик коом болобу, варианттар каралып жатат. Экологиялык эрежелерди сактап, жаратылышка зыян келтирбегидей алдыңкы технологияларды колдонобуз. Биз өзүбүз металл өндүрүп, ошону түз сатып пайда көрсөк болот».

Жогоруда айтылгандай, кезинде Жетим-Тоонун кытайлык компанияларга берилишине байланыштуу Бишкекте жана Нарында бир катар нааразылык акциялары өткөн. Ал тургай «Жетим-Тоону коргоо комитети» түзүлүп бир катар жыйындарды өткөрсө, Нарын районунун Орток айыл аймагында 10 миңге жакын кол топтолгону кайрылуу кабыл алынган.

Буга ошол убакта «Жетим-Тоону Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курганы үчүн кытайлыктар алат» деген сөз тараганы себеп болгон.

Орток айыл аймактын кеңешинин депутаты, Таш-Башат айылынын тургуну Орозобек Алиев кепке кошулду:

«Жетим-Тоо - бул биз үчүн чоң маселе. Биринчиден, Нарын дарыясы ушул Жетим тоо кыркаларынан башталат. Экинчиден, бул айылдын жайыты, элдин жан сактоосу ошол жер менен байланыштуу. Үчүнчүдөн, ал жерде Нарын мамлекеттик коругу жайгашкан. Корукта бугу-марал, аркар-кулжа, иши кылып жаныбарлардын бардык түрлөрү бар. Ошондуктан эл кендин иштетилишине буга чейин эле каршы чыгып келген. Биринчи биз аркылуу жол салып, биз каршы болгондон кийин, аркы Жети-Өгүз жак аркылуу жол салып киришкен. Тоннел салып, мотоциклдер менен таштарды ташып башташкан, 50-60тай кытай келген. Эл чыгып аларды кууп жиберген. Азыр да иштетебиз десе нааразылык жаралат го. Жерди бузганда жаратылыш баары бир бузулат да, туурабы? Ошого мен да жеке каршымын. Мисалы, мына Кумтөрдү берип коюп, мамлекет пайда көрбөй калып калбадыбы. Жетим-Тоо да ушундай болуп калбайбы деп кабатыр болобуз. Негизи он жылча убакыттан бери тынчып калганбыз, азыр эми кайрадан жыландын башын кылтыйтышты. Ким менен сүйлөшүп, кантип чечишти - андан кабарыбыз жок».

2020-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4, 827 млрд. долларды түзгөн. Мунун 1,778 млрд. доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.

Кыргызстан жыл башынан бери быйылкы төлөмдү кийинкиге жылдырып турууну Кытайдан суранып келатат. Бирок андан жыйынтык чыга элек. Ошондон улам да саясий чөйрөдө карызды кутулууга байланыштуу түрдүү сунуштар айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG